Ажонун көрөгөчтүгүнүн ченеми жок

Мурда бири-бирине эзилип мамиле кылган эки досту элдештирүүгө Чыныбай Акунович аракет кылды эле миссиясы ишке ашкан жок деген кептер маалымат булактарынан чыгып кетти. Жети айга чейин уланган сүргүлөшүүнүн алоолонгон оту барган сайын күчтөнүп кетип баратат. Башында биз да эки достун кыянаттыкка барбасына ишенип бул убактылуу таарыныч деген пикирибизди билдиргенбиз. Тилекке каршы кармашуунун илеби кыйла “кереметке” айланып, абал солкулдак көпүрөнүн үстүндө тургандай чекке жетти.

Мурдагы менен азыркы президенттерди элдештирбөөгө чоң күчтөр турганы деле белгилүү. Ошол “кыйындар” улам абалды курчутуп:- “Сиздин  колуңузда  азыр үлкөн бийлик турат, ким баш көтөрсө талкалап салууга толук шартыңыз бар. Сизди эл шайлаган, демек дос дегенди  унутуп, калкыңыздын пайдасына иштеп, элдин көңүлүн алсаңыз  кадырлуу хан болосуз”-деген канаттуу кептерин айтышып ажону жолдон адаштырышкан шекилди. Болбосо мынчалыкка барбайт эле да?  Негизи ким бийликке келсе да туура жолдон адаштырган “тилинде мөөрү барлар” болору ырас. Ушундайлар тегеректеп алганда эле жогору жактагыларга ылдый тараптагылар көрүнбөй калат, атаганат!

Таласка барган кезде Сооронбай Жээнбеков жакын арада мурдагы спикерлер, өкмөт башчылар, саясаттагы дөө-шаалар менен жолугушуу өткөрөрүн жар салды. Эми ошол кездешүүгө кимдер чакырылат деген суроо чок ортодо турат. Тизмени түзгөндөр кандай аргументтерге таянып чакыруу жасашары да бүйүр кызыткан маалы. Эгерде өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөгөн эрлер, шерлер чакырылса сөзсүз түрдө жагалданмай позицияга өтүшүп, эки достун ортосуна “чагылган” түшүрүүгө аракет кылышаары белгилүү. Тимеле элине күйгөн кишидей буркулдашарын көрүп калышыбыз ажеп эмес. Мактоо кепти ким болсо да жакшы көрөт. Билерман киши акыл айтып жатса ким анын бал сөзүнө эзилбейт дейсиң? Айтор, чакырылган экстердин кеңешине кандай маани берилерин ошол убакта билербиз.

Кандай болгон күндө да мамлекеттеги абалды көзөмөлгө алууда ажонун ролу баа жеткис. Кааласа курчуп бараткан абалды ийге келтирип, дипломатиялык алаканын, адамкерчиликтин баалуулугуна таянып, кимдин болсо да көкүрөгүнө жылуу дем киргизүүгө жетишет. Болгону буга саясий бекем эрк талап кылынат. Ушул касиеттер Сооронбай Жээнбековдо бар экенин деле аңдап турабыз. Ылайым калктын ишенимин актоого кадамдар чындап ташталса экен деген ниетибиз бар. Карапайым элге өлкөдө туруктуулук болсо, кышка карата камылга жакшы көрүлсө, дасторкондо наны үзгүлтүксүз турса ошого каниет кылат. Бул кызылдай чындык.

Ж.Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу