Ырчы Бек Борбиев Ажонун куттуктоо видеосунда оператор ракурсту туура эмес тандаганын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып төмөнкүчө билдирген: «Кечээги президенттин куттуктоосу маңыздуу болду. Кыска нуска. Бирок оператордун койгон ракурсу туура эмес. Же атайылап кыянаттык кылыштыбы? Айтор бул катачылык чоң жоопкерчилик менен аяктайт го дейм»-дейт ырчы мырза. Анда, интернет колдонууулар каттуу талкууга алышып, алар да өз пикирлерин калтырышкан.
Ал эми КТРдеги белгилүү режиссёр Асыл Аппасова: «Президенттин кайрылуусун анын маалымат кызматы даярдап, башка каналдарга жөнөтөт, улуттук телеканалдын тиешеси жок»-деп жазды Бек Борбиевдин жазган постунун астына.
БУЛАК: argument.kg
support