Ажолордун тиреши: «Атамбаев аксакалдык кылып биринчи кадам ташташы зарыл»

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилени жакшыртуу үчүн аксакалдык кылып биринчи кадам ташташы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Марат Султанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин өзүнүн башкаруу ыкмасы болгон. Ал президенттиктен кеткен соң да өлкөнү башкарууну каалаганын аны менен жолуккандар айтып жүргөн. Ал эми Жээнбеков алгачкы 3 айда ортодогу ажырымды тереңдетпөөгө аракет кылган.

«Кайра эле тирешүү туура эмес. Жээнбеков дагы кадам ташташы керек. Алардын аракетинен жыйынтык болбой калышы да мүмкүн. Бирок Атамбаев кыргыздын накта Бакайы болом десе, алгачкы кадамды жасашы керек»,-дейт Султанов.

Ал буга кошумча, президенттин өз күчү менен иштегенине жарым жыл болгонун, ал реформаларды жасоо багытында аракетин күчөтүшү зарыл экенин белгиледи. Мындан сырткары, Жээнбеков өлкөнүн экономикасына түрткү бере албаса да багыт көрсөтүүгө укуктуу экенин айтты.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу