Адинай Исаева: Биздин маданиятта баш аламандык көп…

Чыгармачылыкта профессионалдуулук менен күрөшкөн, кыргыздын фольклорун алдыга сүйрөп, искусствого салым кошкон чыныгы музыкант, ырчылардын бири Адинай Исаева менен zaman.kg маалымат агенттигине маек курдук.

-Өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?

-Өзүм жөнүндө айтсам алты жашымдан бери музыка дүйнөсүндө жашайм. Апам музыкант болгондуктан, музыкалык мектепте пианино, комузда окугам. Жогорку музыкалык билимим бар. Республикалык обончулардын сынагында, фольклордук сынактарда баш байгелерди багындыргам. Он беш жыл балдардын музыкалык мектебинде эмгектендим. Кыргызстан чегарасындагы оркестринде да эмгектенгем. Екатеринбургдагы Славян вокалдык инструменталдык ансамблинде ырчы болуп иштегем. Эки кызым бар. Учурда чыгармачылык менен алектенип, жаш балдарга музыкалык билим берем.

— Сизди чыныгы музыка чөйрөсүндөгү профессионал ырчы катары билебиз. Чыныгы ырчы болуш үчүн кандай этаптардан өтүү зарыл?

— Мисалы, мен бала чагымдагы чыгармачылык боюнча айтсам, атам өмүр бою юрист болуп иштеп, учурунда прокурор, сот жаатында эмгектенди. Ушундай кызматта жүрсө дагы материалдык байлыктан руханий байлык эң биринчи орунда турат деп тарбиялап келген. Мен ата-энем менен сыймыктанам. Апам болсо өмүр бою музыкалык мектепте эмгектенди. Апамды абдан мыкты музыкант деп айтсам жанылышпайм. Апамдай болгон чыныгы музыканттар азыр тилекке каршы аз. Атам дагы кызматы бөлөк болсо дагы комузда мандалинде ойноп, мыкты чыгармаларды аткарат. Биз кичине кезибизде эртең менен кыргыздын сонун залкарларынын күүлөрү менен, атамдын ойногон комузунун үнү менен ойгончубуз. Кыргызымдын колориттүү музыкасы, жан дүйнөмө жүрөгүмө сиңип калса керек. Менде кандай гана чыгарма жаралбасын сөзсүз түрдө кыргыздын колориттүү музыкасын баалайм, башка чыгармаларды ошондой болсо деп ойлойм. Кыргыздын музыкасына учурунда Власов, Фере сыяктуу музыкаведдер, кыйын композиторлор, теоретиктер Россиядан келип, ошол кишилер аркылуу биздин музыкабыздын сапаттуу өсүшүнө пайдасы чоң болгон. Ошол бойдон жакшынакай уланып келатып эле, акыркы кезде музыкаведдердин жоктугунан музыкабыздын деңгээли абдан төмөндөп кетти десем болот. Анткени бизге билинбегени менен маданият эң пас деңгээлде. Бизде илгери министрликте тартип, талап башкача болчу. Мисалы, кинодо, театрда да ошондой башаламандык бар. Өзүм билемдик болуп маданиятта чар жайыт болуп кетти. Негизи чыныгы профессионал музыкант, ырчы болом деген киши сөзсүз билим алуу керек.

-Азыр бир-эки ыр ырдап эле “жылдыз” болуп кеткен ырчылардын саны абдан көбөйүп кетти го, булар тууралуу оюңуз кандай?

-Учурда массалык маалымат жааты дагы маданият жөнүндө түшүнүгү аз экени өкүндүрөт. Мисалы, жаңы чыгып келаткан ырчынын музыкалык билими, таланты барбы, алардын чыгармачылык деңгээлине көз салбайбыз. Эң негизгиси ММКларда профессионалдуулукту көп чагылдырбайбыз. Опера-балет театрында кандай гана мыкты ырчылар, чыгармачыл адамдар бар. Бул жерде чыныгы профессионал ырчылар бар. Ар бир чыныгы музыкант бала чактан эле музыкалык билим алышат. Мисалы, мени апам кичине кезимде эшикти жаап 2-3 саат пианинодо ойномоюнча эшикке чыгарып ойнотчу эмес. Ошондуктан журналисттер маданият жөнүндө маалымат билип анан чыгармачыл чөйрөдө болгон маселелерди жазса деген оюм бар. Бизде попса, халтура, дегендер 25 жыл илгери эле жаралган. Ошол эле попса, халтура менен эстрада жылдызыбыз деп сезип алышкандар бар. Эстрада деген жанр бул профессионалдуу жанр, вокалдык инструменталдык ансамбль менен жандуу үндө аткаруу бул эстрада. А бизде болсо попса абдан өнүгүп, жандуу үн менен ырдабай жылдыз болуп алган ырчыларыбыз азыр түз эфирлерге көп келишпейт, качышат. Мисалы, кыргыз радиосуна ыраазы болдум. Бул жакта түз эфирлер көп болот. Ал жерде эстрада жылдыздары, бардык жанрдагы ырчылар катышат. Ошондой долбоорго классиктер, фольклор, салттуу музыканын музыканттары катышат. Түз эфирлер бардык радио теледе көп болсо кимдин чыныгы таланты, үнү бар экени байкалмак. Антпесе биз классиканы унутуп койдук. Аны көп чыгарыш керек.Түз эфир элге бир аз болсо да кимдин кандай ырдаары тууралуу түшүнүк алып келди десем болот. Мисалы “Сармерден”, “ХХI Кылымдын жылдыздары” аттуу музыкалык долбоорлорго оркестрдин коштоосунда ырдаган эстрада ырчылары абдан аз катышат. Анткени жандуу үн менен чыгыш алар үчүн коркунучтуу болсо керек. Мисалы,опера балет театрына барсак ырчылар күнүгө ырдап, үндөрүн жоготпоо үчүн даярданышат, эмгектенишет. Балким муну окугандар көрө албастык деп айтышы мүмкүн. Бирок көп эле адам музыкант болгусу келет. Ошого эмнеге эмгектенишпейт? Үндөрүн тарбиялап, музыкалык аспаптарды үйрөнүшпөйт. Эгер фонограмма жоюлуп кала турган болсо эмне болом деген суроону өздөрүнө коюш керек. Билим алыш керек, нота билиш керек, изденип, аракеттениш керек. Көп эле профессионал музыканттар өздөрү тууралуу маек беришет. Бирок эмнегедир биздин маданиятта болуп жаткан баш аламандыктар тууралуу жазышпайт, коркушабы түшүнүксуз. Алар жөн эле өздөрү тууралуу эле айтышат. Коомдогу маданият тууралуу айтышпайт. Чечилбеген нерсе жок деңизчи, биздин маданиятыбыз көтөрүлсө мамлекетибизде да көп өсүүлөр болот деген үмүттө тилектерди айтат элем.

— Сиз чыгармачыл чөйрөдөгү профессионалдуулук тууралуу айтып өттүңүз. Ал эми биздин маданиятыбыз тууралуу эмнелерди айта аласыз?

— Маданият өнүкмөйүн мамлекет өнүкпөйт дегенде өзүмдүн мамлекетимди элестетем. Баарыбыздын глобалдуу көйгөйүбүз оозубуздан чыккан суюктук болуп калбадыбы. Өнүкпөгөнү ошо да. Билим алган айрым музыкантмын дегендердин, окубагандардын дагы музыкалык билими бирдей болуп калды. Попса менен эстраданын айырмасын билишпейт. Попса бул эң жеңил нерсе, аны музыка дегенден дагы алысмын. Жеңил акча табуу. Орустун музыкаведдери попсаны бузулган аялга, сапатсыз кийимге, сапатсыз оокатка салыштырган. Эстрада жылдыздарыбыз деп жүргөн атактуу ырчылардын айрымдары наамды да алып коюшкан. “Попсанын жылдыздары” деп айтсак жарашмак. Профессионалдуу эстрада деп “Инсан”, “Элес”,“Шантель”, “Чоро” топторунда ырдаган ырчылар, вокалдык инструменталдык топтордо ырдаган ырчыларды эстрада жылдыздары деп эсептесек болот. Салттуу музыка өнүгүп-өсүүдө. Анткени талыкпаган эмгек бар. “Эр эмгегин жер жебейт” деген макалдагы чындык туюлат. Ошол салттуу өнөрдүн музыканттары филармонияда көбү иштебейт. Алар иштеген күндө дагы концерттерде көп көрүнбөйт. Өз алдынча фольклордук топтор бар. Бирок, алардын филармонияда иштебегени өкүндүрөт. Манасчылар, төкмө акындар филармонияда иштеши керек эле. Филорманиянын концертине барсак бир өзгөчөлөнгөн изденүүлөрү жок. Ырчылары болсо баягы эле жашы өтүп калган улуулар, пенсионерлер. Баягы эле репертуар. А түгүл репертуарын да жаңыртып коюшпайт. Негизи жаңылануу, креативдүү эч нерсе жокко эсе.Эң сонун ырдаган жаштар бар, аларды алса да чоң концерттерге чыгарышпайт эмнегедир.Таланттуу, салттуу комуз менен ырдаган мыкты жаш кыздар, жигиттер бар.Ошолорду эмнегедир филармонияга алышпайт. Баягы эле ырчылар. Ушундай көйгөйлүү маселелер бар экенин Маданият министрлиги билет болду бекен деп кээде ойлоп коем. Фольклордук, вокалдык инструменталдык эстрадалык топтор көбөйсө жандуу аткаруу менен музыкаведдер көбөйсө, сыйлыктар сатылбаса, маданиятыбызда балким өзгөрүүлөр болот беле деп ойлоп коем.Азыркы учурда обончулардын бардыгы композитор болуп алышкан.Маданияттагы баш аламандыктарда көп изилдөө жүргүзүп, аныктап,маданият үчүн кандайдыр бир аракетимди жумшоого даярмын. Кайдыгер болбой маданияттын өсүп-өнүгүшүнө ар бирибиз салымыбызды кошуп, көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылсак дейм.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу