Адил Турдукулов, «Сөз эркиндигин коргоо» комитетинин төрагасы: “Түркияга барып, митингге катышып келдим”

– Адил мырза, социалдык түйүндөрдө сиздин Түркияга барып, андагы Эрдоган
баштаган үлкөндөр менен түшкөн сүрөттөрүңүз биринен сала бири жарыяланууда.
Ал жакка барган сапарыңыз боюнча маалымат бере кетсеңиз?..
– Бир жыл мурун Түркияда, тагыраак айтканда, Стамбул менен Анкара шаарларында
мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет болгон. Андагы кагылышуунун негизинде 260
адам набыт болду. Ошол күндү эскерип, оппозиция күчөп жаткан саясый куугунтук, сөз
эркиндигине болгон басымга каршы миллиондогон жөө жүрүш өткөрдү. Эрдоган болсо
«чыккынчылардын башын кесем» деп эскертти. А биз, Кыргызстан болсо «эки төө
жөөлөшсө, ортосунан бейажал чымын өлөт» деген абалга дуушар болдук. Бир жагынан
Түркиянын расмий бийлиги «гүленчилерди»колдон келишинче шыбап, «төңкөрүшчү»
дегенден ашып, аларды «террорчу» деп атаганга чейин жетишти. Экинчи жагынан, биз
түрк дүйнөсүн ошол «гүленчилер» аркылуу ачтык. Түркиянын басымы аркылуу биз
«Себатты» «Сапатка» алмаштырып, билим берүү министрлигин алардын башкаруусуна
жол ачканга түр көрсөткөнгө аракет кылдык. Бирок, расмий Анкара буга канааттанган
жок. Түркиянын элчиси Кыргызстанга 3 жарым миң «гүленчи-террорист» келди дегени
буга далил болду. Азыр шайлоого чейин Түркия Кыргызстан менен дипломатиялык нукта
бир аз тыныгуу алды. Баары тең жаңы президентти күтүп жатат. Бирок, ал ким болбосун,
бул маселени бачым чечип коёруна көзүм жетпейт…
– Ал жакка кайсы каражатка, кимдердин чакыруусу жана эмне максат менен барып
келгениңиздерди тактай кетсеңиз?
– Мени «Республика» гезити жана сөз эркиндигин коргоо комитетинин атынан түрк
элчилиги өздөрү тандап чакырышты. Жалпысынан ал жакта бир жумадай болдук.
Негизги иш-чаралар 15-июлда өттү. Анткени, ошол күнү төңкөрүш кылуу аракетине так
бир жыл болгон болчу. Ал эми барып-келген каражатты түрк тарап толук өздөрү
каржылады.
– Сыр болбосо, ал жактагы кайсы үлкөндөр менен жолуктуңуз? Эрдогандын өзү менен
да жолукканга шарт болдубу?
– Ооба, анын «Ак» партиясынын имаратында жана митингине да катыштык. Негизинен
биз ошол өлкөнүн министрлери менен жолуктук.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу