Адил Турдукулов: «Атамбаев өзүнүн айланасындагы коррупционерлерге көз жумду саясат жүргүзгөн»

Жарандык активист Адил Турдукулов НТС телеканалынын «Ар тарап» көрсөтүүсүндөгү дебатка катышып, анда экс-президент А. Атамбаевдин «Апрель ТВга» берген интервьюсу боюнча суроого мындай деп жооп берди:
«Атамбаевдин азыр өкүнүп жатканы туура, бирок кеч болуп жатат. Ошол балык депутаттарды ал өзү түзүп келген. Текебаевди, Канат Исаевди камаганы, ага каршы болгон депутаттардын баарына кылмыш ишин козгогону, ошол эле учурда өзүнүн айланасында жүргөн коррупционерлерге карата көз жумду саясат жүргүзүп жатканы – кара менен акты бөлө албаган инсан катары өзүн көрсөттү. Ошонун кесепетин азыр көрүп жатат».
Бул пикир менен макул болбошко арга жок. Себеби, экс-ажо өзү убагында коррупцияга каршы күрөшү жүргүзүп жатам дегени менен жаңы жаш коррупционерлерди тарбиялап чыгарганы бүгүнкү күндө коомчулукка ачык белгилүү болуп калбадыбы.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу