Адил Турдукулов: Аз күндө Сегизбаев менен Жолдубаева камакка алынат

Адил мырза, сиз бир учурда Эркин Мамбеталивдин канча адам өлтүрүүлөргө катышканын жазып да, айтып да жүрдүңүз эле. Бакиев доорунда Мамбеталиев оор айыптар менен камалып, 2010 жылын 7 апрелинен кийин бошонуп чыккан. Ушул жагынан азыркы пикириңиз өзгөргөн жокпу?

– Мен бул жөнүндө ал чексиз бийликке ээ болгон учурда айтып чыккам. «Мамбеталиевге сегиз адамдын – Чыныбек Алиев менен Жыргалбек Сурабалдиевден сырткары Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаважи Заурбеков, Ысык-Көлдөгү «Рахат» пансионатынын жетекчиси Бахрул Бурханов, Таластагы уюшма кылмыш топтун мүчөсү Нурлан Бердикеев, Таалай Абасов, жеке ишкер Шамил Адеевди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар тагылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө сегиз адамдын ичинен үчөөнүн – «Алиев, Сурабалдиев жана Абасовдун өлүмүнө катыштыгы бардыгы аныкталды» деп айтылган. Иш Жогорку сотко чейин жеткен жана Мамбеталиев 2008-жылы өмүр бою эркиңең ажыратылган. 2ою-жылдагы ыңкылыптан кийин ага оор кылмыш тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылса да одоно мыйзам бузуу менен эки жолу мунапыс колдонуп бошотулган. Бул жерде Атамбаевдин түздөн-түз буйругу болгон. Буйрукту Жогорку соттун ошол убактагы терайымы Феруза Жамашева аткарган жана мыйзамдын бузулушуна жол ачкан. Ошол анык нерсени айтканым үчүн Эркин Мамбеталиев менин үстүмөн «аброюма шек келтирди» деген негизде сотко арыз жазып, моралдык зыян катары менден 5 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылып жатат. Соттун эки тепкичи мени Атамбаевдин жансакчысына 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Албетте, бул чечимдер мыйзамсыз болгон, мен буга чейин Эркин Мамбеталиевге болгон дооматтарымдан баш тартпайм.

– Жабылып калган же токтотулган эски иштерди кайрадан кароо маселесин президент Жээнбеков көтөрбөдүбү. Эркин Мамбеталиевдин мурдагы кылмыш иштерине тиешеси болобу?

– Сөзсүз түрдө бул иштер кайра каралыш керек. Анан дагы Алиевдин өлүмү боюнча Икрамжан Илмияновдун дагы «кулагы» даана көрүнүп турат. 2004-жылы ал ишкер Атамбаевдин жеке айдоочусу эле. Кылмыш ишинде «Алиевди аткандардын унаасын Атамбаевдин «Форумуна» катууга дал ушул Илмиянов жардам берген» деп жазылган. Икрам мырза ошондо адам өлүмүнө шектелген машинаны билип туруп катканы боюнча СИЗОдо бир айдан ашуун отуруп чыкканы боюнча кабарланып, бирок жазаланган эмес. Ошондуктан, бул жерде иш экөөнүн үстүнөн кайра каралыш керек.

– Дагы бир жагдай, Атамбаевдин бийлигинин тушунда Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева репрессиялык камакка алууларды күчөткөнү, саясый куугунтук жүргүзүү жагынан рекорд коюшканы элдин эсинде. Канча-лаган саясатчылар болбогон негиздер менен камакка алынышып, ушул күнгө чейин кордук көрүшүүдө. Бул өңүттө адилеттүү бааны кандайча берет элеңиз?

– Абдил Сегизбаев жарандык коом өкүлдөрүн жана оппозицияны каралоо жагынан Атамбаевге мыкты кызмат кылып бергени үчүн УКМКга жетекчи болуп дайындалган. Ал жакта мурдагы иштерин атайын кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу мурдагыдан дагы ашыра иштеп берди. Жолдубаева болсо прокуратура системасында бир да күн иштебей туруп, анын башында туруп калды. Экөө тең мыйзам эмне экенин унтутуп коюшуп, биринен бири ашып оппозицияга саясый куугунтук жүргүзүп, сөз эркиндигин муунткан. Ошондуктан экөөнө тең, алар качып кеткенге чейин укуктук баа берилип, жазага алынышы керек. Алардын биздин талап менен кызматтан кеткенине жарым жылдан аша элек, аңдыктан, камакка алынчу күн аз калганына ишенип турам.

Атамбаевдин айланасындагы бир топ аткаминерлер коррупциялык ишмердиктери жана мамлекет, элге кылган кыянаттыктары үчүн камалууда. Бул тизме дагы уланабы? Кылмышка шектүү катары кимдерден күмөн санайсыз?

– Президент Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү демилгесине, аракетине жеке эле өзүнүн командасы же жактоочулары эмес, оппозициялык, бейтарап күчтөр да үмүт артып жатканын көрүп турабыз. Үмүт артканынын себеби, Жээнбеков ушул убакка чейинки былык иштерге өзү аралашкан эмес. «Сот жана укук коргоо органдарында реформа жасайлы» дегени туура, алар бири-бири менен тыгыз байланышта. Кош стандарттуулук менен кылмыш иштерин козгошуп, анын негизинде адилетсиз сот чечимдери чыгып жатканы көптү айтып турат. Ошондуктан, бул органдарда системалык бурулуштар болушу керек. Азыркы укук коргоо органдарында ачылган кылмыш иштеринин 30 пайызы гана сотко жетип жатканын президент өзү айтууда. Бул эмненин белгиси? Прокуратурада, милицияда, каржы полициясында, УКМКда, эсеп палатасында системалык коррупциялык көрүнүштөр бар экендигинин белгиси. Натыйжада, бул тармакта реформа жүргүзүлүп, анан тазаланып туруп, коррупция менен тыңгылыктуу күрөш жүргүзүлүшү керек. Бул жаатта ага биринчи «тест» Бишкек ТЭЦи, анын айланасындагы иштер болот. Биринчи кезекте бул ишке аралашкан Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевге окшогондор укуктук баа алышы шарт. Андан кийин Кумтөр, бажы, контрабанда, жерлерди трансформациялоо маселелери каралышы керек.

Тайлак Назымов

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу