Адиля: “Жеңем байкемди дубалатып, бизди андан тирүүлөй айрыды”

– Мен бактылуу үй-бүлөнүн жалгыз кызымын. Эки байкем бар. Ата-энем билимдүү, орус мүнөз, ынтымакта тынч жашоо кечирген адамдар. Чындыгында сыймыктана, мактана турган үй-бүлөдөнмүн. Улуу байкемди чоң атам менен чоң энем ал төрөлгөндө эле багып алышкан экен. Ата-энем окуп, турмушка пайдубал түптөп кийин экинчи байкем экөөбүздү удаа көрүшүптүр. Экөөбүз эле болгондуктанбы же ата-энебиздин тарбиясы мененби, агам экөөбүз абдан ынак чоңойдук. Кайда барсак жетелешип бирге барып, эмне жесек бөлүшүп жеп бойго жеттик. Кийин бой тартканымда алыс барсам жандап жүрүп, кечигип калсам тосуп алып байкем мага ушунчалык камкор болду. Ал 20га чыкканы баарыбыз ага жакшы кыз издеп баштадык. Мен келечектеги жеңемди кыялданганда тим эле бактылуу болчумун. Атам менен апамды сүйүнтүп сыйлап, мени менен сырдашып курбу болот дечүмүн. Тилекке каршы, баары тескери чыкты.

Көпчүлүк студенттер сыяктуу жайкы эс алууда байкем да иштечү. Жыл сайын Көлдө эс алуу маалында бир пансионатка барып кызмат көрсөтчү. Былтыр байкем иштеген пансионатка иштеп келген кыз анын сезимин ойготуптур. Биз мактап-жактап тааныштырган кыздардын бирине көңүл буруп койбогон байкем заматта өзгөрүлүп, башкача болуп калды. Деги эле окуумду бүтмөйүн үйлөнбөйм деп турган байкем бир күнү келип эле:

– Көптөн күткөн тоюңарга камына бергиле, — деди.

– Макул, жакшы болот. Силер жакшылап таанышып, анан биз таанышканча үйдүн оңдоп-түзөө иштери да аяктап калат, — деди апам кубана. Бул маалда үйдү оңдоп-түзөөгө жаңы гана киришип жатканбыз.

– Аныңар бүткөнчө качан, андан көрө тойду кылып салалы. Кийин деле кылып жетишесиңер.

Ата-энем жок дешкен жок, байкем айткандай кайра жыйналып, тойго кам көрүп калдык. Он күн ичинде кудалар менен таанышып, эки жума дегенде келиндүү болуп жатып калдык. Байкем менен жеңем жумасына бир гана келип Көлдө иштеп жатышты. Жеңем жылдыздуу, өзүн абдан караган татынакай жан экен. Бул жагынан жактырганым менен ойлогонумдай ынак боло албадым.

Байкемдин окуусу башталып иштерин аяктап жаныбызга келишти. Ушундан көп убакыт өтпөй жеңем кош бойлуу болду. Атам менен апамдын кубанычы андан бетер артып, тим эле отурса да, турса да али жарыкка келе элек неберелерин кеп кылып кудуңдап калышты. Катарда мен да бармын. Бирок ушул эле маалда менин жан дүйнөмө жакпаган дагы бир нерсе бар эле. Башта байкем үйгө келген сайын экөөбүз кечке сүйлөшүп отурчубуз. Кээде чарба иштерин бирге кылып кебибиз түгөнбөй кечке сырдашчубуз. Келечегибизди кыялданчубуз. Үйлөнгөндөн кийин байкем мага андай мамиле кылбай калды. Экөөбүз кичине сүйлөшүп отуруп калсак эле жеңемдин кабагы түйүлүп, байкем анын көзүн карап туруп кетип калат. Же жеңем бизди сүйлөшүп атабы, чай ичип атабы деп койбой ачык эле байкемди жетелеп бөлмөсүнө алып кирип кетет. Мага ушул нерсе жакпай жүргөнүн айтсам апам: «Жеңе менен кайын сиңди ушундай өч болот. Бирок кандай болгон күндө да сен тынч жүр. Ал азыр кош бойлуу, ал биз менен калат, сен кетесиң. Сый бол», — деп койду. Анан жеңем байкемди менден эле эмес, ата-энемден да бөлө баштады. Биз кечки тамакта баарыбыз бирге отуруп тамактанууга көнгөнбүз. Эми жеңемдин каалоосу менен алар өзүнчө, атам-апам үчөөбүз өзүнчө тамактанчу болдук. Кош бойлуу катары анысына деле унчукпадык. Бирок жеңемдин кылыгы күндөн-күнгө ашынып баратты. Өзү айыл жеринен орто билим менен эле келген, ар кандай иштерде иштеп жүргөн эле кыз экен. Ошол үчүн да байкемдин окуусун туура түшүнгөн жок деп ойлойм. Эч кандай себепсиз эле байкемди окуудан калтырып, эркелейт. Байкем сабактан калганга жараша экөөнүн ээрчишип бир жакка барганы деле байкалбайт. Бир гана бөлмөлөрүнөн чыгышпайт. Анысы аз келгенсип кийин жеңем мага кирин жуудурчу болду. Болгондо да уялбай ич кийимдеринен бери жаныма алып келип коёт, башында унчукпай жууп жүрдүм. Кийин: «Өзүңүз жууңуз”, — десем, «сен да бирөөгө жеңе болосуң. Сен да кош бойлуулуктун түйшүгүн тартасың», — деп кеп жебеди.

Жеңем ай-күнүнө жеткен маалда төркүнүнөн төрөп келем деп чыкты. Анысына макул болушканы менен үйдөгүлөр байкемдин окуудан калып жеңем менен кетишине каршы чыгышты. Бирок экөө бирдей ата-эненин кебин кеп деп койбойстон камынып алып чыгып кетишти. Көп өтпөй жеңем аман-эсен уул төрөдү. Төрөт үйүнөн чыгарып келебиз деп ата-энем барышса, «кыркым чыккыча дагы тура туралы» дептир жеңем. Анда байкемди ала келмей болушкан экен, «артыңардан барам» деп атам менен апамды жолго салыптыр. Апам абдан маанайсыз, ызаланып, уулуна таарынып келди. Биз күткөндөй байкем келип калбай кечигип жатты. Атамдын чыдамы кетип чалса:

– Биз бул жакта кыш куюп, короо тосуп жатабыз. Иш бүтө элек, бара албайм, — деп коюптур. Жалгыз уулунун мындай өзгөрүүсү ата-энемди ойго сала баштады. Ары күч күйөө болуп кайын журтунда мынча жүрүп алганына намыстанышты, үйдөн кылбаган кара жумушту ал жактан кылып жатканына жандары кейиди.

Азыр биздин үйдүн небересине 4 ай болду. Ишенесиздерби, байкем болсо ошол бойдон бизге келе элек. Окуусунун акыркы курсу эле, ал да калды. Башында атам бир, апам бир, мен бир чалып келүүгө көндүрө албай жүрдүк. Кийин чалуудан коркуп да калдык. Себеби баягы байкем жок, ачууланып: «Эмне чаласыңар. Менсиз күнүңөр өтпөй калдыбы? Экинчи тынчымды албагыла!» — деп баарыбызды кагып урушчу болду. Бул жоругуна ишенип-ишенбей атамдар келин-уулубузду алып келели деп кудаларыныкына далай барышты. Алар:

– Биз уулуңуздарды кармаган жокпуз. Өз каалоосу менен жүрүп атат. Ал да балабыз, кет демек белек. Эгер алып кетүүнү кааласаңыздар кармабайбыз, — дешиптир. Анда байкем машинеге түшпөй качып кетип, дагы келбей койду. Бул эмне деген жорук? Мындай көрүнүш эки-үч курдай кайталанды. Бир жагынан бала көрөт элек деген тууган-уруктун байкемдер тууралуу суроолорунан тажаганда милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Жөн-жайыбызды айтып: «Балабызды таңып болсо да алып келип бергиле», — дегенбиз. Алар: «Азыр мындай окуялар толтура. Үй-бүлөлүк маселеңерди өз ара келишип эле чечип алганыңар оң», — деп бизди укпай коюшту. Аргабыз түгөнүп отуруп калдык. Ошондо биздин окуядан кабары бар апамдын жакын жеңеси көзү ачыкка барып көрүүнү сунуштап калды. Ата-энем орус мүнөз адамдар дебедимби, бул жагын деле ойлонуп көргөн эмес элек. Аргасыздыктан анын айтуусуна макул болдук. Күчтүү деген бирөөнө барсак дароо эле: «Уулуңарды окутуп салыптыр. Тагыраагы, келиниңер ага айыз канын ичирип койгон. Силер айткан жоруктун баарын балаңар ошонун таасиринен улам жасап жатат», — деди. Денебизди калтырак басып, оозубуз ачылып эле калдык. Ишенгибиз келген жок, ошон үчүн башкаларына барсак алар да сүйлөшүп алгандай бир ооздон баягы сөздү айтат. Ошондо аргасыз баарын моюнга алууга туура келди. Анализдеп көрсөк көзү ачыктардын айтуусунда чындык бардай. Биринчиден, байкемдин көз алдыбызда айдан ачык өзгөрүүсү буга далил. Анан дагы ойлоп көрсөк, жеңем көзү ачыктар тууралуу берүүлөрдү жата калып көрчү экен. Карта менен төлгө кылып, ар нерсени айтып калмайы да бар эле. Бирок биз анысын тамаша көрүп, маани бербептирбиз. Эми бизде мурдагыдан да чоң коркунуч туулуп жатат. Жакында эсибизди жыйып, эми эмне кылуубуз керектигин сурап баягы төлгөчүгө барсак: «Тезинен баланы алып келип муну жандыргыла. Дуба азыр анын канында жүрөт, сөөгүнө өтүп кетсе балаңардын өлүгүн алып каласыңар», — деди. Чын эле байкеме дуба катуу таасир этип жаткандай. Бир айласын таап алып келип окуталы деп ата-энем өткөндө дагы барышты. Байкем аларды көргөнүнө ачууланып араң отуруптур. Анан туура эмес кылып жатканын, айрыкча жеңемдин каталарын айтышса ата-энем деп койбой колуна бычак ала калып коркутуптур. Бүгүн минтсе, эртең кырсык басып бычакты шилтеп жиберери деле күмөн эмес да. Айлабыз түгөнгөндө мен гезит аркылуу бир кеңеш уга алар бекенбиз деп бул рубрикага кайрылып отурам. Байкемден тирүүлөй ажыраганыбызга көнүп, эми аман эле болсо экен деп тилеп отурабыз. Бир жатында жаткан уялашымдан ушинтип эле ажырап каламбы? Жеңем тууралуу кеп кылгым да келбейт. Аны ушунчалык жек көрөм. Ал ишти кылууга кантип колу барды, элестете да албайм. Мен эптеп эле байкемди аман-эсен кайтарып алсак экен дейм. Жеңем менен байкемдин айынан ата-энем заматта өңдөн азып, ден соолуктарынан тая түшүштү. Жалгыз баланын айынан аларды да жоготуп аламбы деп корком. Кеп-кеңеш бергилечи, бул азаптан кутулуунун жолу барбы? Балким, окурмандардын арасында биз туш келгендей окуя башынан өткөндөр бардыр…

 Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу