Адилет Султаналиев премьер-министрдин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Адилет Султаналиев премьер-министрдин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мурда Адилет Султаналиев Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин редактору, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу