Адилет Калыгулов ачуу чындыкты айтып жарылды

ЖҮРӨК, МЕКЕН бирөө эле…

Мен бүгүнкү бийликти колдоп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө дараметим жетишинче салымымды кошуп келем. Бирок, үч нерсеге ичим ачышып турат. Биринчиси, камакта жаткан Садыр Жапаровдун кечээ жакында дүйнө салган атасына топурак сала албай калганына. Кыргызда көзү өткөн тууганына (деги эле каза болгон жакынына жана таанышына) топурак салуу мыйзамда жазылбаган милдети. Ушул жерден айта кетсем, менин атакем каза болгондо бир тууган инимди Европадан чыгарбай коюшкан (мыйзам, келишим боюнча ал жылына бир жолу гана КРге келүүгө уруксаат). Ошондо иним «атасына топурак салуунун» маанисин жана милдеттерин түшүндүргөндө ал жактын полиция башчысы топурак салып келүүсүнө токтоосуз кам көргүлө деп буйрук берген. Иним атакебиз коюлар күнү таң эрте келип топурак салганга үлгүргөн эле. Садыр Жапаровго аскасы болгон атасына топурак салууга уруксат берилбей калганын укканымда каңырыгым түтөдү. Анткени, Батыш өлкөсүндө кыргыздын нарк-насилине жогорудагыдай маани берип жатса, өз жерибизде туруп карыш жерге топурак салууга жетпей темир тор артында көзү жашылданган Садыр мырзанын абалын элестетип, жүрөгүм тилинди. Ал кишинин арманы эми түбөлүк, көзү өткөнчө болот.

Экинчиси, бүгүн эртең сатыла турган «МЕГАКОМ» компаниясы. Аталган ишкана Бажы, Салык кызматы, Кумтөр жана “Манас” аэропортунан кем калбай мамлекеттик казынга жылына 3млрд сомго жакын киреше алып келип жатса, аны «түз макулдашуу жолу менен» шашылыш сатуунун кажети бар беле? Тескерисинче, байланыш операторунан түшкөн каражатты мамлекеттин карамагында иштебей турган ишканаларга инвестицияласа, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө боло эле да. Бирок, сатабыз деп мынча чамынып калышкан соң сатылсын. Болгону сатыктан түшкөн 14.5 млрд сомго жок дегенде кирешеси “Мегакомдон” кем калбаган бир завод же фабрика курулабы же жокпу кеп ошондо…

Үчүнчүсү, Кыргызстандагы жарандарыбыз акча үчүн добушун жерибизди башкаларга пулдап жиберүүгө дайын турган шылуун, алдамчыга берип жаткандыгы. Улут, КЫРГЫЗ деген дух, намыс такыр эле жоголуп баратат… Өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүндө К.Бакиев бөтөн элдин ырына берилип бийлеп, намысты тебелегени ар бир кыргыздын жүрөгүнө кара так болуп сакталып калды. Тилекке каршы, ошол өткөндөн сабак албай, бүгүн да арзыбаган акчага келечегин саткандар болууда. Мындай темп менен кетсек, добушун саткандар эртең «Тутамасты» ырдап, анын астында лезгинка бийлери турган иш. Айтпаса жан кашаят демекчи, качан намыска келебиз? Же эмне ушинтип өз добушубузду акчалууга сатып журт башына барууга шарт түзүп бергенден жалккан жокпузбу? Акчанын аркасы менен бийликке жеткен адам, капчыгын кампайтуу үчүн бабаларыбыздан мурас калган мекенибизди четинен кертип сатып, баш көтөргөн баатырларды четинен атып, карапайым элди кул кылууга ашыгаарын унутуп калдыкпы?

 

Булак:Фейсбук

Аргумент.kg
Жооп калтыруу