Адилет Калыгулов алданды…

МЕН КӨП АЛДАНДЫМ…

Мен бир аз күн мурда «мен көп алдандым» деп пост жаздым эле. Ошондон кийин личкага көп тааныштарым жазып жатышат. Капа болбо, баары жакшы болот, бийлик сени эле эмес канчасын алдап короосунан чыгарып койду дешип. Башка досторум да телефон чалып «көңүл» айтышууда. Сага чала болот дегендер да болду))

Урматтуу Достор!

«Мен көп алдандым, бирок бул да тажрыйба» деп мен өзүм жөнүндө жазган эмесмин. Мен Алмазбек Шаршенович Атамбаев шайлоо алдында айткан сөзүн жазгам. Ал бир кишиге аябай ишенип жүрүп, шайлоонун шарапаты менен анын ким экенин айткан эле. “Лживые глаза”, деп атады, «я оказывается доверчивый человек» деди. Анан да А.Атамбаевдин аркасы менен депутат болуп алышып, кийин алдап кеткендери да болбодубу…

ФБда жазылган пост коомдо ушунчалык пикир жаратаарын билбептирмин. Чынында элдер азыр интернеттешип кетиптир. Фейктерди эсепке албаганда коомдогу абалды соцсеттерде айтылган, жазылган сөздөр менен эле байкап турса болчудай. Ошондуктан, ар нерсени жаза берүүдөн сак болсоңор дейт элем. Өзүбүздү өзүбүз жамандап жаза бербейли. Алыс кетпей казак-кыргыз чек арасындагы маселени талкуулоодо мамлекетибиздин баркына доо кетирбесеңиздер. Биз өз мекенибизде гана бактылуубуз. Чындык ошондой ачуу болот.

Жакшыбы, жаманбы А.Атамбаев алты жыл мамлекетти башкарды. Аны жактырганы, жаман көргөндөрү да бар. Беш кол тең эмес. Мамлекетти, элди ойлобой, жеке керт башын ойлогондо кетээр алдында ачуу чындыкты айтканга убактысын коротпойт эле. Сен жакшы, мен жакшы болуп жылма саясат кылат эле. Айткан сөзүнө туруп, тынчтык жолу менен таза шайлоо аркылуу бийликти эл тандаган президентке өткөрүп бергени жатат. Кетээрине бир ай убакыт калды. Таза шайлоого эми-эми көнүп келаткан мамлекетте эл башчыны да татыктуу узатып, шайланган ажону да татыктуу тосуп алганга үйрөнсөк.

Ал эми өлкө башчыбыз А.Атамбаевдин эл-жер үчүн жасаган эмгегин, ушул күндөрдү келечекте эстейсиңер. Жасаган ишин сынга алып жаткандар азыркы коррупция менен күрөштүн, тармактардагы реформалардын, жүзөгө ашып жаткан долбоорлордун жана таза шайлоонун жыйынтыгы өлкөбүздү кайда сүйрөгөнүн келечекте түшүнөсүңөр.

Бүтө элек ишке сынчы көп, өлкө башчыбыз баштап бирок аягына чыгарууга убактысы жетпей калган иштерди бүткөрүүнү убадалаган, мамлекеттик иштерде тажрыйбасы мол мына Сооронбай Жээнбеков келатат. Жаңы президентибиз дагы эч нерседен тайманбай, туура жолдон тайбай таза, ак ниет иштеп берет деген ишенич чоң.

Албетте, жалгыз адам эч нерсеге жетишпейт. Андыктан ар бирибиз чын дилден мекенибизди гүлдөтүүгө кол кабыш кылуубуз керек, деген пикирин Адилет Калыгулов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу