Адвокат болгонуңарды токтоткула! Күнөөсү бар, жогун сот аныктайт

Азыр айрымдар коррупциялык жаңжалдар боюнча убактылуу кармоочу жайда жаткандардын мурдагы аткарган жакшы иштери, адамкерчилик сапаттары жөнүндө жазышууда. Алсак, КРнын азык түлүктүк коопсуздугун жана тамактанууну жакшыртуу үчүн Жарандык альянсынын аткаруу комитетинин (тообо, аталышы айыл чарба министрлигинен да узун эч кимге ушундай белгисиз уюм бар экен) төрайымы Гүлмира Кожобергенова деген айым Осмонбек Артыкбаевдин республикада балдардын арасында анемияны жана майыптуулукту азайтууга салым кошкондугун, “Активдүү узак жашоо деген платформаны түзүүгө, Кара-Суу деген көлдү сактоого (эмнеден экендиги белгисиз, биз Турдакун Усубалиев деген адамдын Соң-Көлдү сактап калгандыгын эле билебиз) демилгечил болгондугун, мынчалык эмгек кылган адам коррупцияга аралашпастыгын айтып, аны эртерээк абактан чыгарууну талап кылыптыр.

Жогоруда айтылгандардын канчасы чындыкка жакындашарын тийиштүү адистер эле айтышпаса, биз эч нерсе дей албайбыз, бирок Осмонбек Артыкбаевдин бир ирет эле аптекачы кызды жаакка чаап жибергендиги болбосо, сылык сыпаа, жибектей созулган, бардык бийликтер менен тил табышып, ошол эле мезгилде өз кызыкчылыгын да унутпай, байып да келаткан адамдардан экендигин жакшы билебиз. Бирок, булардын Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун айланасындагы коррупциялык жаңжалдарга кандай тиешеси бар? Ал жерде Осмонбек Артыкбаевден башка дагы 11 фигурант адамкерчилик жаман сапаттары же бекерпоздуктары үчүн эмес, жогорку кызмат орундарын ээлеп туруп мамлекетке болжол менен 150-200 миллион доллар зыян келтиришкендиги үчүн айыпталып жатышпайбы? Тергөөчүлөр Сапар Исаков келтирген зыян 20 миллион доллар деп чечишиптир, ал эми Осмонбек Артыкбаев келтирген зыян канча миллион доллар экендиги ачыкка чыгарыла элек.

Бирок, бөлүм башчыга жогорудагыдай суммада кине коюлуп жаткандан кийин ал убактагы министрдин “үлүшүнө” да оңор сумма туш келбеши турган иш. Эгерде О. Артыкбаев аптекадагы кызды жаакка чаап жибергендиги үчүн айыпталып жатса, анда тийиштүү органдарга жогорудагыдай маанидеги каттарды жөнөтүп, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылса болмок. Майда бейбаштыкта, кокустан болгон кырсыктарда тараптар тил табышса, кылмыш иштери токтотулат. Бирок, мында “кылымдын аферасы” деп аталган, мамлекетке келтирилген ондогон, жүздөгөн миллион долларлык зыяндарга байланыштуу кармалган адамга Г.Кожобергенова айымдыкындай ишенимсиз майда аргументтер менен адвокаттык кылуу жарашпайт, өтө эле олдоксон көрүнөт экен. Анткени, андай нерселер соттук кароолор аяктап, бардык маселелерге чекит коюлуп, мунапыс маселесине келгенде эске алынат да.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу