Адахан Мадумаров: «Чындыкты айткан сайын жоро-жолдош, тууган-уруктан алыстайсың, бирок Жаратканга жакындайсың»

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул жумада учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу журналисттер үчүн салтка айланып калган маалымат жыйынын өткөрдү. Биз анын бир саат бою ар кандай суроолорго берген жоопторунун айрымдарын жарыялоону туура көрдүк.

— Саламатсыздарбы, урматтуу журналисттер. Мен бүгүнкү маалымат жыйынга 4–5 эле журналист келет деп ойлогом, бирок аябай көп келипсиздер. Мага бир эле суроо менен кайра-кайра кайрылуулар көп болууда. Ошондуктан баарыңыздарды чогултуп, жооп берип коёюн деп чечтим. Биз үчүн жабык тема жок, ошондуктан каалаган суроолоруңуздарды берсеңиздер болот. Буюрса, орозо айы келатат, Кудайга шүгүрчүлүк, ошого чейин кенен-кесир байланышып сүйлөшүп алсак деген ойдомун.

— Азыр көйгөйлүү болуп аткан Ысык-Көл облусундагы уран кени боюнча өз позицияңызды билдирип койсоңуз.
— Бир эле уран кени боюнча эмес, бүтүндөй Кыргызстандагы кен байлыктар боюнча “Мен макул эмесмин” кыймылынын позициясы бештен белгилүү. Анда жети катуу талаптардын биринде кен байлыктар да бар. Келечекте бизден эстүү, бизден акылдуу муун келиши мүмкүн. Келет, Куда кааласа. Мына ошолор келгенге чейин мунсуз жашап келгенбизби? Кадамжайдын Шамбесайысыз же Солтон Сарысыз жашап келгенбиз го. Ошол сыяктуу эле ураны жок деле жашап келгенбиз. Мына, Майлуу-Суу шаарында Союздун мезгилинде уранды алып, катуу бекиткендигине карабастан, бир жылдары калдыктары суу менен сайга түшүп кетпедиби. Ошол сыяктуу бул маселе оор. Мен Ысык-Көлдө чыгып аткан элдин талабына 100% кошулам, туура маселе көтөрүп атышат. Биринчиден, комиссия түзүлдү деп айтып атканы менен бүгүн 24.kg агенттиги жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 46%ы чечкиндүү түрдө каршы, ал эми 25%ы ошого лицензия бергендерди отургузуп коюуну талап кылып атат. Демек, экөөсүн кошкондо дээрлик 70% киши бүгүнкү күндө караманча каршы. Анан комиссия түзүп бердик деп атат. Комиссияны иликтөө жүргүзүлүп бүткөндөн кийин же лицензия берүүнүн алдында жибербейсиңби! Бул айылдын, тигил айылдын тургунун комиссияга киргизип койдук дейт. Алар уран боюнча эмнени түшүнөт? А бизде илимдер Академиясы уктап жатабы? Илимдер академиясынын алдында химия, физика, биология институттары бар. Алар эмне кылып отурушат? Ак же көк деп ошол адистер айтыш керек да. Бул биринчиден, бүгүнкү күндө бүтүндөй бийликке элдин ишеничи кеткендиги, экинчиден, комиссия кандай курамда куралышы керек, кандай адистер кириши керек? Ошону билбеген өкмөт бизди жыргатабы? Ошол жерде жашаган дыйкан, малчы, өрүк менен жан багып жүргөн адам урандын кандай зыян тийгизишин кайдан билет? Өкмөттүн атынан бирөө барыш керек да, лицензияны ким берди? Кыргыз өкмөтү берип атат? А эмне үчүн аны иликтебей туруп лицензия берип атат? Ошондуктан бүгүнкү күндө Балыкчыда же болбосо бүтүндөй Ысык-Көл облусунда уран казууга каршы чыккандарды 100% колдоймун. Эгер мага Илимдер академиясы келип ишендирип берсе, Ысык-Көл өрөөнүнө зыяны тийбейт деп кепилдик берсе, бул башка маселе. Анан Тоң районунун акимин, Балыкчынын мэрин кошуп койдук деген болбойт. Алар алды-саттыдан башка эмнени билет? Бул “Мен макул эмесмин” деген кыймылдын эң башкы талаптарынын бири.
— Жакында кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактан улам Сиздин дарегиңизге да 2009-жылы келишимге жаңылышып кол койгон деп Токон Болотбекович айтыптыр. Ошол боюнча жообуңуз кандай?
— Качан, каерде айтыптыр?! Адахан Мадумаровдун дарегине бир нерсе жабыштырабыз деген “азаматтар” терең жаңылышат. Ал сабатсыздыктын белгиси. Ал аябай катуу сабатсыздык. Мына, Турсунбек иним азыр эле Баткенден келип, айтып атат, эл менен түздөн-түз журналист катары жолугуптур. Айрымдар билбегенден кийин абийирин сактап отуруш керек. Ошол жерди өздөрү барып басып көрүш, эл менен жолугуш керек. Айбалаев башында турган намысы жок аксакалдарга жана коргоо министри болгон дагы бир генерал жүрөт, “момундай, тигиндей болуп кеткен”, — деп. Алардын абийири өзү менен болсун.
— КСДП партиясынын айланасындагы абалды жакшы билесиз. Юстиция министрлиги маалымат базасындагы маалыматын өзгөртүп койду. Эгер Сиздин партияга ушундай мамиле жасалса, кандай жооп кылат элеңиз жана ушул абалга кандай баа бересиз?
— Атасы бар баланы көтөрүп барып, бөтөн кишиге жазып койгон сыяктуу. Бул бүгүнкү күндө адилет министрлигинин таптакыр адилетсиздиги. Бүгүнкү күндө адилет министрлиги баягы эле Ак үйдөн кандай коңгуроо болсо, ошону аткарган жетим жүгүрүк болуп атат. КСДП партиясы мага жагабы, жакпайбы, бул башка маселе, мыйзам боюнча турган партияны алып, башкага берип койгон, бул абийирсиздик. Бүгүнкү бийлик күрөшсө ачык чыгып, билек күрөшүндөй күрөшсө болмок, кылтыйтып, сасытып коюп отура бергени жакшылыкка алып барбайт. Мүмкүн бүгүн, эртең ошондой көрүнөт, бирок түпкүлүгүндө жакшылыкка алпарбайт. Бул аябагандай одоно саясат, күчтүү президенттик деген Акаевдин, Бакиевдин оюна да келген эмес, бирөөнүн партиясын алып коюу. Биз, Кыргызстан анекдотко айландык, партиянын жетекчиси расмий түрдө оппозицияда, ал партиянын бир бөлүгү бийликтин кызматын кылып, көпчүлүк фракцияда отурат. Ачка калган болсоң да ошол партия менен келген соң, кетишиң керек. Намыс керек да. Бирок бүгүнкү Жогорку Кеңешке намыс тууралуу сөз козгоодон өзүң уяласың, алар андай түшүнүктөн алыс. Мындай биздин Кыргызстанда гана болушу мүмкүн. Башка мамлекеттерди элестетип көргүлө, мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес.
— Ө. Текебаев менен С. Жапаровдун ишинин Жогорку сотто каралышы митинг менен коштолууда. Алар бошотулуш керек деген талап коюлууда. Атамбаев өзү дагы моюнга алган, булар саясый буюртма менен камалгандыгын. Аларга карата саясый чечим кабыл алыныш керек беле?
— Ошол мезгилде деле Мадумаров пикирин айткан. Эгер архивди карасаңыздар, Текебаев боюнча да, Жапаров боюнча да пикиримди айткам. Тилекке каршы укпай атпайбызбы. Атамбаевдин айтканы өзүнөн мурунку президенттердикинен айырмасы жок. Акаев деле “Атаңдын көрү, элдин турмушу бир топ кыйын турбайбы…”, — деп өкүнбөдү беле. Андан кийинки президент деле “Ички иштер министри, коопсуздук кызматы да мага так, туура маалымат берген эмес экен…”, — деп өкүндү. Кечээ Алмазбек Шаршенович айтып атат, “жанымдагылар таптакыр туура эмес маалымат берген экен…”, — деп. Биз, силер, журналисттер ошондо какшап айтып атпадыкпы, бул туура эмес чечим болгондугун. Өзүнүн тегерегиндеги 3–4 адамга ишенип алып, кеткенден кийин бармагын тиштеп отурат. Мен айттым эле, эгер Жээнбеков чыныгы элдик президент болом десе, бул элдик президент боло албайт, себеби эл тарабынан шайланган эмес. Эл шайлаган президент кечээки Украинадагыдай болот. Келгенде эле мунапыс жарыялаш керек эле. Өзбекстандын президенти Мирзиёев келгенде мунапыс жарыялап, так саны эсимде жок, бир жарым миңдей кишини бошоткон. А бул киши келип, түрмөнү да менчиктештирип алгандай, “мен айткан киши чыгат, бул чыкпайт”, — дегендей отургандыгы текебердик. Мыйзамдуубу, мыйзамсызбы, аны акырын териштирип, комиссия түзүп, чыгара берсе болмок. Мунапыс жарыялаш кыргыз канында бар нерсе, жоомарттык деп коёт. А бирок жоомарт болуш үчүн киши айкөл, бийик болуш керек.
— Ө. Бабановдун Кыргызстанга келем деп, келбей калгандыгына көз карашыңыз кандай?
— Мен анын келерине көп деле ишенген эмесмин. Кээ бир телеканалдар менен радиолор эле бир жума той кылды, аябай коңгуроосун кагып. Эки тараптуу караш керек, биринчи тарабында саясатты кошпой, инсан катары айтайын, мен акмын деп атасыңбы? Кел да, далилде. Же “Акмын, бирок Кыргызстанда сот системасы актыкты далилдеп бере албайт. Коррупцияга белчесинен баткан бийлик кыргыз мыйзамдары менен иштебейт”, — деп жарыяла. Анан “Мен ишеним артам, үмүт кылам, барсам баары мыйзам чегинде каралышы мүмкүн”, — деген саясый сооданы токтотушубуз керек. Баардыгын ачык айтышыбыз керек. Келбей калышы, бул демек, Кыргызстанда мыйзам иштебейт деген сөз. Эгер мыйзам иштегендигине ишенсең, анда келип, актыгыңды далилдешиң керек. Мен Өмүрбек инимдин ал жагын же бул жагын, каралап же башкача айта албаймын. Аны айта турган тийиштүү органдар бар. Бирок ошол тийиштүү органдар кыргыз мыйзамдары менен иштебейби, анда өзүңдүн пикириңди билдир да. Анан ар кандай провокацияга берилип кетип, үчүнчү күч деген сөздү токтотуш керек. Акаевден бери кыйкырып келатат, үчүнчү күч деп. Ким ал үчүнчү күч? Бирөө жарым көргөнбү, кармаганбы? Эгер Кыргызстанда үчүнчү күч бар болсо, анда укук коргоо органдары тезек терип жүрөбү? “Чындыкта айткан сайын жоро-жолдош, тууган-уруктан алыстайсың, бирок Жаратканга жакындайсың”, — деген сөз бар. Ошондуктан чындыктан алыстабайлы, Жаратканга жакын бололу…

Булак: Ачык сөз гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу