Адахан Мадумаров: “Текебаев Кыргызстандагы мыкты парламентарий, анын деңгээлине жете тургандар саналуу эле болот”

— Текебаев камалганда Бишкектин четинде жарылган самолёттун ичиндеги жүк, президенттин үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген фактыны алып келе жаткан экен деген сөз тараган. Кийин ал киши жактоочулары аркылуу документтин көчүрмөсүн көрсөтүп, түп нускасы бекем жерде катылуу деп жарыя кылды. Кийинки жылдын май айларында Текебаев абактан чыгат деген маалыматтар айтыла баштады. Ошол документ чыгып кетсе, баарыбыздын ишибиз бүтөт деп коркуп, бажыны көздөй өз кишисине тапшырып жаткан жокпу?

— Көздөй кишисин азыр бажыга алып барганы менен ал документ ошол бойдон кала берет. Эгер ошол документ далилденген болсо ал адамы жардам да бере албай калат. Керектүү инсандар билет, азыртан баштап эле мык менен кагып койгон. Эгер бизге тийишчү болсо ушулардын баарын аласың, көрөсүң деп даярдап коюшкан. Дагы бир саясатчыбыз “Эгерде мага мындан ары басым жасала берсе, анда мен баарын көтөрүп чыгам. Оригинал документтер башка жакта жатат. Мени жок кылууңар менен документтерди жок кыла албайсыңар” деп жарыя кылбадыбы. Бул шантаж кылган мамлекет болуп калды. Чындык үчүн күрөшкөндөр эмес, сен мага тийбесең, мен сага тийбейм деген мамиле. Телетаймашта деле Жээнбеков Бабановго “Мен айтпайын дедим эле, өзүң баштадың. Мен дагы айтууга мажбурмун” деп айтпады беле. Эгер ал айтпаса, бул дагы айтпайт болчу. Мына ушундай соодагерлердин заманы. Булар саясатчылар эмес, соодагерлер.

— Текебаевди күчтүү парламентарий деп мактап келесиз. Аны сиздин атаандашыңыз катары санашат. Текебаев тууралуу айткан ошол сөзүңүз атаандашты татыктуу баалообу же абакта жаткан адамга боору ооруп, жылуу сөз айтып коёюн деген пикир деп түшүнсө болобу?

— Ал киши абакта жатабы, эркиндикте жүрөбү, кызматта болобу бул сөзүмдү дайыма айтып келгем, айта берем. Усубалиев менен Масалиевдин мамилесин ал кишилер тирүү кезинде айттым, көздөрүөткөнүнө алдыңкысына 16 жыл болуп атат, менин көзүм өткүчө айтам. Текебаевдин инсандык касиетине, адамдык сапатына баа берип жаткан жерим жок. Депутат, парламентарийдин классикалык түшүнүгүндө ал киши өтө бийик адис. Мага канчалык каршы иштесе дагы айтам. Текебаев Кыргызстандагы мыкты парламентарий, анын деңгээлине жете тургандар саналуу эле болот. Алар да жетсе жетет, жетпесе жок. Ушуга бир мисал келтирейин. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызханга эч кимдин жебеси жеткен эмес. Ошого жаа менен тийгизип, бираз жаракат келтирген мергенди аскерлери кармап келгенде, аны коё берип, өзүнүн эң жакын жансакчысы кылып, жаачыларды үйрөтүүгө кол башчы кылып дайындайт. Ал душман катарында атты. Ал мергендин аты Жебе.

 Элдин баары сиз айткандай боло албайт да. Мисалы, бир казанда кайнап жүргөн Текебаев менен Атамбаев бири-бирин кечиргис сөөк өчтү душманга жетишине эмне себеп болду?

— Ортодогу сыр, менин сырымды бул ачып коёт деген коркунуч, тазалык эмес. Тирүү кезинде бири-бирине согуш ачууга даяр болуп олтурган Сталин менен Черчилль. Сталин каза болду, Черчилль “Эгерде менден 20-кылымдагы адамзаттын ичиндеги эң улуу инсан ким деп сураса, мен түк ойлонбой туруп Сталин деп айтам” деп пикирин айтты. Мына, берген баасы. Рузвельт менен Черчилль бириксе Сталин алсыз болуп калмак. Экөөсү “Эмне үчүн Сталин жыйынга дайым кечигип келет? Ал келгенде эмне үчүн бүт зал көтөрүлүп турат? Биз эмне үчүн ордубуздан турушубуз керек? Биз деле империянын жетекчилерибиз. Биз дагы ордубуздан турбай коёбуз” деп сүйлөшүп олтурушат. Эшик ачылып Сталин кирип келгенде экөөсү тең ордуларынан турушкан. Адамдын кадыр-баркы, сый-урмат. Болбосо алар элдешкис жоолор. Бирок, алар улуу инсандар. Элчилерди жыйнап алып, каргыш айта турган инсандар эмес.

— Бакиевди бийликтен кетирүүдө Текебаев менен Атамбаевден өткөн ынтымактуу адамдар жок болчу да? Кеч болсо да Текебаев “Буларга караганда Бакиев адам экен” деп айткан эле…

— Чогуу чай ичпесе курсактары тойбойт эле. Тилекке каршы ушундай болуп калды.

— Эртең мамилеси кандай болуп кетиши мүмкүн деп ойлойсуз?

— Ар биринин адамдык касиетине жараша болот.

— Жээнбеков туура айткан экен, Бабанов шайлоо бүтөрү менен качып кетти…

— Ал ошондо эле белгилүү болбодубу? Ага чейин сары майдай катып жүргөн да. Сен мага каршы чыкпаганыңда жашай берет элең деген ишаарат.

Булак: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу