Адахан Мадумаров келин алып, дүркүрөтө той берди

24-декабрда белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров келин алып, баш калаадагы «Дасмия» ресторанында дүркүрөтө той берди. Той жогорку маанайда өтүп, шаң-салтанатка төбөсү элге көрүнгөн бир катар аттуу-баштуулар, айрыкча Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине барышкан саясатчылардын баарысы түгөлү менен катыша «оттуу суудан» кылкылдата жутушуп, бир чер жазып кайтышты. Кеп мында деле эмес. Башкысы, эки жаш бактылуу болсо болгону. Кызыгы, буга дейре Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев да күрдөөлдүү күздө келин алышса, береги экөөнү президент Жээнбековдун атынан Досалы Эсеналиев менен анын орун басары куттук айтып кетишкен. Бул сапар ажонун атынан аппараты Адахан мырзага куш тилиндей куттуктоо жазып койгонго жарашпаганы неси?

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу