Адахан Мадумаров: “Бабанов мага беш тыйын акча бергиче, Кыргызстанга беш тоголонуп кетет”

— Шайлоого каражат таппай, Бишкектен чыга албай жаткан Мадумаров деле бирөөдөн акча алгандан кийин эл менен жолугушууга чыкты деген сөздөр айтылбадыбы?

— Ким ошол сөздү айтты? Мен Кыргызстандан бир кадам сыртка чыкканым жок. Жайда эле ким даяр болуп, өздөрү уюшулуп чакырса, ошол жерге барам деп айткам. Мен бардым. Бир жерде бир кесе чай куюп бердимби?

— Бабановдун акчасы менен Кыргызстанды кыдырып чыга баштады деген сөз тарады?

— Бабанов мага беш тыйын акча бергиче, Кыргызстанга беш тоголонуп кетет. Бир нерсени ойлонуп, жакындатып сүйлөш керек. Мадумаров бирөөдөн беш тыйын да албайт. Канчалаган жигиттер биз көтөрүп берели деп келишти. Аларды дагы акырындык менен уяткарып, кабинетимден чыгарып койдум.

Булак: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу