Адахан Мадумаров: «Атамбаев менен “бирик” деп чабармандар келишти»

— Азыр кыргыз саясатында мурунку президент менен учурдагы президенттин тиреши негизги тема болуп турат. Атамбаев бийликтен кеткен киши. Ал канчалык аракет кылбасын, кайра бийликке келе албайт. Жээнбеков убактысын кеткен киши менен кармашам деп өткөрбөстөн, өз ишин мыкты аткара берсе, коомчулук Атамбаевди өзү эле саясаттан сүрүп чыгарып коёт беле?

— Сөзсүз түрдө. Дагы бир “Алдыңдагыга эмнени көрсөтсөң, артыңдагыдан ошону көрөсүң” деген философияны унутпаш керек. Булардын 8 жыл өмүрү бир гана сөз менен өттү. Көчөдө баратып мүдүрүлүп кетсе дагы Бакиев мүдүрүлттү, көчөдө чырак жарылса да Бакиев жарды, чөп чыкпай калса Бакиевдин кесепетинен чыкпай калды деп 8 жыл кошок кошкондой кыйкырып жүрүштү. Эми алдынан өздөрү ошону көрүп жатышат. Жээнбеков дагы өзүнүн башына келгенде мындан да катуураак нерсени көрүп калышы мүмкүн. Себеп, бул өзгөрүүсүз кала турган философия. Ким кара ниеттик менен жумуш жасап жаткан болсо, өзүнүн кара башына тиет. Ушундан такыр сабак албай коюшту. Тарыхта кеткен кишинин артынан эч кандай сөз айтпаган, өзү дагы керемет абийири менен кеткен Абсамат Масалиев. Бишкекте жөө басып жүрөт эле. Ар бир киши келип саламдашып, ошол кишинин жумушсуз калганына ичи ачышат болчу. Себеп, ал өзүнүн алдындагы кишиге эч кандай жаман сөз айтпады. Акаевдин кемчиликтерине дагы акаарат келтирбей, маданияттуу сөз менен айтып койчу. Артында ошончолук кадыр-баркка ээ болду. Андан кийин Аскар Акаевич келди дагы, өзү Борбордук комитеттин билим боюнча бөлүм башчысы болуп туруп, партиянын дарегине эмне деген акаарат сөздөрдү айтты. Аягында эмне болгонун көрдүңүз да. Ошол кишинин кол астында өсүп келгендер, 2005-жылы бийлик алмашкандан кийин Акаевдин дарегине катуу сөздөрдү айтышты. Ошол мезгилде “Жарадар болгон арстандын үстүнө чөөлөр чыгып ойносо жарашып калыптыр” деп айткам. Акаев дегенде ордунан тура калып чоочуп кеткен кишилер анын дарегине өтө жаман сөздөрдү айтып башташты. Натыйжада, алар дагы ошол күндү көрдү. Эгер сен ушунчалык кыйын болсоң эскини тыткылай бербей, ишиң менен далилде. Өткөндү токтот, жаап сал дагы жаңы баракты ачып кет. Өзбекстандын президенти Каримовдун дарегине бир сөз айтпастан, андан мыкты жетекчи экенин далилдегиси келип жатат.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу