Адам өмүрү Карамушкина үчүн түккө турбайбы?

2012-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурасев ичимдик ичип алып унаа башкарып жүрүп, Асангазы Кутманалиев аттуу жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Натыйжада А. Кутманалиев жарыкчылык дүйнө менен кош айтышкан.

Албетте, бул кылмыш иши боюнча убагында соттук териштирүүлөр болуп, Чүй райондук соту тарабынан Хурасев күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, ал көп өтпөй эле кылмыштын мөөнөтү эскирген деген шылтоо менен жазадан бошотулуп кеткен. Болгону мамлекетке 50 миң сом айыппул төлөгөн экен.

Ошондо эле, тактап айтсак, 2013-жылдын 23-декабрында каза болгон Асангазы Кутманалиевдин өмүрлүк жары Нуриса Кутманалиева депутат Ирина Карамушкинага кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылган. Ал арызда И. Карамушкина кызматтык абалынан пайдаланып, айдоочусуна унааны жумуш убактысынан тышкары убакта айдоого уруксат берип койгонун жазган.

Андан кийин да Нуриза айым тиешелүү органдарга кайрылган.

Бирок, ал убакта Карамушкина бийлик башында турган партиядан депутат болуп тургандыктан жабырлануучу Нуриса айымдын арыздары тиешелүү деңгээлде каралган эмес.

Эгерде Карамушкина айым чындап акыйкаттыкты тутунган эл өкүлү болгондо адам өмүрүн алган кырсыктан айдоочусун калкалап калууга аракет жасабайт эле. Тескерисинче ошол каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө камкордук көрүп, айдоочусун тиешелүү деңгээлде мыйзам чегинде жазаланышын талап кылат эле. Тилекке каршы, ал бүгүнкү күндө да жабырлануучулардын ал-абалын суроодон алыс качып келет.

Кайра ал жабырлануучу айымды айыптап, «Булардын артында мотиватор турат, болбосо башка автокырсыктарды эч ким иликтеген жок» деп бет тырмоочулук кылууда. «Башка автокырсыктар иликтенген жок» деген шылтоо менен өзүнүн айдоочусу мас абалында адам өлтүргөнүн да жаап-жашырып коюу туура болобу?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу