Адам өмүрүн кыйган айдоочу кармалды.

Чүй облусунда адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ЖККББсы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-февраль күнү саат 21.10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында белгисиз унаа 40-45 жаштагы азиат тегиндеги адамды сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин эле көз жумган.

Окуя болгон жерде унаанын бамперинин сыныктары калып калган.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Чүй ЖККББсынын жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын 28 жаштагы тургуну кармалган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу