Адам эмнеге бөтөн жерде жакшы уктай албайт?

Кээде конокко барганда кеч кирип калып ал жерде конуп калган күндөрүбүз болуп калат. Бирок ал жакта өз үйүбүздөгүдөй тынч жана терең уктай албайбыз. Үйүбүзгө кайтып келгенден кийин гана «өз үйүм – өлөң төшөгүм» деп алаңдабай уктай алабыз. Эмнеге? Бул суроого Браун университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө аныкталган.

Нейрологдордун айтуусу боюнча, бардык маселе бул биздин түйшүгүбүздө экен. Бизге «тааныш эмес» жерде конуп калганыбызды сезген мээбиз дароо «коргонуу» режимине кошулуп, жарым шары экинчисине караганда көп уктабайт, тактап айтканда, ойгоо болот. Ошол себептен биз башка үйдө эрте ойгонуп, сак жатабыз. Айланабыздагы добуштарга да тез жооп бере алабыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу