Адам убакытынын көп бөлүгүн кайда жумшайт?

Адам жашоосунун көп бөлүгүн кайда жумшары тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Бул суроо бир түрдүү угулганы менен, көпчүлүгүбүздү кызыктыраары анык. Негизинен адам көп убактысын болбогон нерселерге (телефон менен сүйлөшүү, телевизор көрүү ж.б.) арнайт экен. Бир адам орточо эсеп менен 70 жыл өмүр сүрөт деп эсептесек, ал анын:

99 117 саатын жумушка,

20 жылын – телевизор, телефон, компьютерде

тамактанууга – 4,5 жылын кетирсе,

22 жылын – уйку менен,

653 саатын аялдамада автобус күтүүгө арнайт.

Кезекте туруп – 6 айын,

кир жууганга – 23 214 сааттын

(тамеки тарткандар) – 165 күнүн чылым чегүүгө

күлкүгө – 115 күнүбүздү кетиребиз.

Ал эми намаз окууга болгону 7 280 саат жумшайт экенбиз.

Ошондуктан, өлчөнүп берилген убакытыбызды бош өткөрбөй, өзүбүзгө, өзгөлөргө пайдасы тийе тургандай иш менен алектенсек. Суунун да сурагы бар деп бекер айтылбаган чыгаар. Ошол сыяктуу, биздин ар бир мүнөтүбүздүн сурала турган соңу келет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу