Адам денеси тууралуу кызыктуу фактылар…

1. Адам жүрөгүн көөдөндөн бөлүп алганда бир аз убакыт согуп тура алат, себеби жүрөктүн өздүк электр системасы бар.

2. Адам мурду 50 миң түрдүү жытты сезип, эсте сактай алат.

3. Орточо эсеп менен адам төрөлгөндөн 70 жашка чейин 50 кг. жакын тери жоготот (тери жаңырып отурат).

4. Адам сөөгүнүн 1 метр кубу 10 миң кг.га чейинки салмакты көтөрө алат.

5. Адам мээси өмүр бою 1 квадриллион (1 миллион миллиард) бит маалымат сактай алат.

6. Адам эки айга чейин тамактанбай жүрө алат.

7. кош бойлуу аялдын кандайдыр бир организми жабыркасы, ал организмди калыбына келтирүү үчүн ичтеги түйүлдүк апасына өзүнүн клеткаларын (стволовые клетки) жиберет.

8. Сиз 7000000000000000000000000000 (бул 7 октиллион) атомдон турасыз.

9. Мээнин 60 пайызын майлар түзөт.

10. Бир кадам жасоо үчүн 200дөн ашык булчуң эт кыймылга келет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу