Адамдын көз жашы ден соолукка пайда…

Ушул тапка чейин адамдар канчалык көп күлсө, ал ден соолуукка ошончолук пайдалуу экендигин адистер айтып келет. Ал бир гана пайдалуу болбостон-иммунитетти да көтөрүүгө жардам бермекчи. Эми окумуштуулар көз жаштын адамдардын ден соолугуна пайдалуу экендигин аныкташты.

Улуу Британия менен АКШнын окумуштуулары адамдардын көз жашы боюнча изилдөө жүргүздү. Тагыраак айтканда, Миннесота штаты менен Британиянын Ланкастер университетинин окумуштуулары көз жаштын ден-соолукка абдан пайдалуу экендигин аныкташты. Бар болгону мында, ыйлаган кезде адамдар үнүн бийик кылып, болгон ички муңу чыккычакты, узак убакыт ыйлоо керектигин айтышты. Ыйлоо менен адам ички күйүттөрдөн арыла алат.

Ыйлап, жашты сыртка чыгарып турбаса, адамдарда жүрөк талма оорусу пайда кылмакчы.

Окумуштуулар көздөн чыккан жаштын бир канча түрү бар экендигин айтышат. Алар: эмоционалдык жана физикалык болуп бөлүнөт. Эмоционалдык көз жаш чыкканда-адамдарда кан басымы бир калыпка келүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Физикалык көз жаш-чарчап, жаныбыз кейип тургандагы жаш болуп саналат.

Ошондуктан, намыстанып ичибизге жутпай, ыйлагыбыз келгенде, көз жашыбызды болушунча чыгарып алуу керек.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу