Адамдар эмнеге ийгиликке жете алышпайт?

Адамдардын көпчүлүгү жаш кезинде кыялдарды кыялданганы менен, жашоодо көпчүлүгү чоң ийликтерге жете албай калышат. Мунун себеби эмнеде? Эмне тоскоолдук жаратат?

Жашоодо ийгиликке жетиш үчүн өмүрдүн ар бир тармагында, ар тараптан өнүгүү маанилүү. Жеке жашоону жыйып коюп, бизнес менен жумуштун артынан кетип калыганга болбойт. Үй-бүлөлүк жашоого берилип, жеке өнүгүүнү кийинкиге түртүп коюуга болбойт. Ал эми ар тараптан жөндөмдүү инсан болуу үчүн туура максат коюп, ошол максаттын жолунда күндө жумуш иштөө маанилүү. Ал үчүн күндө жасаган жумуштун сапатын артырып, пайдасыз иштер менен адаттардан баш тартып, өзүңүздүн өнүгүүңүзгө жардам берген адамдар менен аралашуу керек.

Ал эми ийгиликке жетпей калган адамдардын көпчүлүгү күнүмдүк убакытын майда-чүйдөгө жумшап, инсан катары өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү калбай калат.

БУЛАК: zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу