Адамдардын басканынан карап, кандай баа берсе болот?

Бат баса турган болсоңуз…

Сизге аралашып жүргөн адам бат баса турган болсо, анын жан дүйнөсүндө түйшөлткөн нерселер арбын жана өзүнө деген ишенимдүүлүгү төмөн дегенди билдирет

Жай баскан адамдар

Жай баракат баскан адамдар көзгө урунганды жакшы көрөт жана өзүнө дегенде эч нерсени аянбайт. Ар дайым “Мен” деген адамдар. Каалаган нерсесин жүзөгө ашыра алат. Башкача айтканда, өзүн абдан жакшы көрөт.

Кадам-кадамы менен баскан адамдар

Мындай адамдар өзүнө ишенимдүү жана ар нерсе өз орду менен болгонун каалаган адамдар. Ирээтсиз болуп турган нерселерге көңүлү тынчыбайт. Бир калыпта, сүйлөө маданияты дагы өз орду менен сүйлөгөн адамдар.

Дене мүчөсүн түз алып жүргөн адамдар

Бул жандар абдан талапты койгон, өз оюн жаңылбай айткан жана аны жүзөгө ашыра билген адамдар. Тазалыкты дагы, сулуулукту дагы жакшы көрөт. Адамдардын кандай кийингенине дагы баам салып жүргөндү жакшы көргөн адамдар.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу