Адалсынган «молдонун» үйүнөн алты камандын башы чыктыбы?

Эмгек жана социалдык коргоо министринин мурунку орун басары Зууракан Каденованын «карвалол» чатагынан кийин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан маалымат жыйын куруп, Тышкы иштер министрлигин (ТИМди) айыптаса, Министрлик мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин жана дипломаттын этикасын бузду, жана башка мыйзамсыз иштери бар деп элчи Кылыч мырзаны иштен кетирүү өтүнүчүн президентке киргизгени эсибизде. Президенттин тапшырмасы менен Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Кореядагы Элчисинин билдирүүсүнө айтылган фактыларды, жана Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыгып, ажо Сооронбай Жээнбековдун кароосуна киргизди. Текшерүүдө ТИМ системасында кемчиликтер орун алгандыгы, так кадрдык саясат жок экендиги, анын кесепетинен «кызматтык сыр» катары эсептелген маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгы аныкталды.

Ошондой эле текшерүүдө элчи Кылычбек Султан Малайзиядагы элчилигинде жашыруундуулук режимин орой бузгандыгы, үй-бүлө мүчөлөрү менен «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербей тартипти бузганы билинди. Ошондой эле элчи Султан Тышкы иштер министрлигинин көзүн будамайлап, резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашканы, Элчинин жубайы үчүн мамлекеттин эсебинен 6,5 миң доллардан ашык каражатты негизсиз төлөнгөндүгү аныкталганы маалым болду. Бул баягы, «адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» деген сөздөй болду… Мындан тышкары Кылычбек Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер инфо», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгону аныкталды. Бул фактылардын баардыгы укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул министрликтин ашмалтайы чыгып калганын айгинелейт. Дегенибиз, элчинин документтерин текшерүү министрликтин иши эле да. Чындыкка карай турган болсок, ТИМди экс-ажонун тушунда Сапар Исаков өзү билип, тескеп келгени эч кимге жашыруун эмес. ТИМ министри анын айтканын «ляппай» деп аткарган кол баласы болгону да калкып чыгууда. К.Султан дагы «Сапаштын» кадры экендиги айтпаса дагы белгилүү эмеспи. Айтор, ТИМ ичинен ирип, башаламан башкаруу орун алганы ачыкталып калды. «Ириңди» түп орду менен тазалабаса болбойт го.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: «Де-Факто» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу