Агасы зордуктап, апасы башына кайнак суу куюп кыйнашкан…

Казакстандык тургун эки бир тууган агасынын зордуктап жүргөнүн, андан кантип боюна бүткөнүн, апасынын кылган кордуктарын айтып чыккан. Бул тууралуу Нур кз жазды.

Дина үй-бүлөсүнүн экинчи кызы. Аны кичине кезинен атасынын агасы багып алган. Бардык кордук өгөй энеси бала төрөп, багып алган атасы каза болгондон кийин башталган.

Өгөй энеси уруп-согуп, жада калса азыркы убакка чейин сакталган коркунучтуу тырыктар калганча кыздын денесин бычак менен кескилеп эрмектечү.

Кийинчерээк өгөй апасынын улуу баласы үйгө келип, булар менен чогуу жашап калат. Байкуш кыз үчүн дагы бир кордук кошулат. Каалаганда зордуктап, тебелеп тепсеп, кыскасы кумарын кандырууну адатка айландырат. Акыры улуу агасынан боюна бүтөт. Аны апасынан жашыруу үчүн атайын кең кийимдерди кийип, курсагын тартып, таңып жүрөт. Айы-күнү жеткенде баарыбир апасы кабардар болот.

Төрөп келгенден кийин деле кызга болгон зомбулук токтогон эмес. Жада калса бир күнү апасы бул жинди болуп калган окшойт текшерип көрөлү деп башынан кайнак суу куюп азапка салган. Кордуктардан тажаган кыз үйдөн качып чыгат. 3 күн көчөдө тентип, же документтери жок, жарытылуу иш таппай жүрүп, ачка самтырап, айла жок кайра катып келет. Апасына өз туугандарына кайтаруусун суранып, жалбарат. Ошентип баласын таштап, чыгып кетет.

Кийин Алматыга барып, ошол жакта 15 жылдай жашап, жогорку окуу жайын бүтүрүп, турмуш жолуна аттанып, алты баланын энеси болот. Андан сырткары дагы бир баласынын бар экендигин жолдошу билбейт. Дина анын өтүмүшү тууралуу, тун уулу тууралуу азыркы үй-бүлөсү билип калса, жашоосу кайрадан азапка айланаарындан коркуп келет.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу