Агайына турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн башын кесип салган…

26 жаштагы мугалим Казакстандык Шынгыс Бекенов 21 жаштагы Назерке Бакжанованын башын кесип салган. Кыздын денесин Тасбогет айылына жакын жолдордун биринде табышкан. Көп өтпөй алыс эмес жерден башын табышкан. Жигит да оор абалда болгон.

Полиция кызматкерлеринин айтуусунда кыздын ата-энеси алардын баш кошуусуна каршы болушкан.

Алгач кыздын башын кесип, андан соң өзүнүн жанын кыюуга аракет жасаган, бирок аман калган. Экөөнүн сөөгүн бир жерге коюуну суранган кат жазып калтырган. Эгерде күнөөсү мойнуна коюлса, 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылууда. Бул тууралуу лайф.ру жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу