Автобустар алтынга айланбайбы?

Борборубуз Бишкек калаасынын үстүндө бир топтон бери пайда болгон уюлгуган кара түтүн (смог) шаардыктардын үрөйүн учуруп келет. Анын көптөгөн себептеринин бири борбордогу эски автомашиналар. Өзгөчө маршруттук таксилерди аркасында көптөгөн терс пикирлер айтылып келет. Алар абаны гана бузуп тим болбостон жол коопсуздугуна дагы коркунуч келтирүүдө. Ушуга окшогон көптөгөн себептерден улам, борбордун жетекчилиги андай маршруткаларды автобустар менен алмаштыруу ниетин ишке ашыргысы келет. Бирок аны практикалык жактан аткарууда далай кызык окуялар болуп кетет. Маселен бир кездеги мэр Нариман Түлеевге айып тагылганда дал ушул автобустардын баасы аргумент болуп берген. Борбордун азыркы жетекчилиги калаага болжол менен 60-70 автобус алып келүүгө белсенип калышыптыр. Ал үчүн 301 миллион сом . акча каражатын насыя алынган сыяктуу. Эл аралык баа өлчөмү берип жүргөн АКШ долларына которсок 4,3 миллион болот экен. Ошол сумманы 70 автобуска бөлсөк ар бири 61,5 миң долларга чыгат экен. А эгер 70 эмес 60 автобус алса анда баасы 71,5 миңге чыгып кетет экен. Түлеевдин учурунда алынган автобустардын баасы ошол кезде 30миң доллар деп айтылган эле.

Ушундан улам мэрияга мыйзамсыз суроолор жаралбай койбойт.

Биринчиси эки эсе кымбат болгондон кийин, эки эсе сапаттуу автобустар келеби?

Экинчиси ал автобустар кайсы өлкөдө чыгат?

Эң эле негизгиси бул жерде коррупциялык схемалар жокпу?  Коомчулукту кызыктырган ушул суроолорго мэр Азиз Суракматов тийиштүү кызматтар аркылуу жооп берет деп ишенип туралы.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу