АВИА КЫРСЫКТАН ЖАБЫРКАГАНДАРГА ТҮРКИЯ ИЮЛДУН АЯГЫНА ЧЕЙИН КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨП БЕРЕТ

Бүгүн, 17-июлда өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Чүй облусунун Дача-СУ айылында авиа кырсыктан жабыркагандарга Түркия июлдун аягына чейин компенсация төлөп берээрин билдирди.

Анын айтымында, жарандар тарабынан жабырлангандар үчүн которулган акча каражаттары төлөнүп берилген.

“Акча каражатын курамына каза болгондордун жакындары жана жабыркагандар кирген комиссия бөлүштүрдү. Жакынкы күндөрү Түркия тарап акча которот. Компенсация төлөө иши июлдун соңуна чейин ишке ашат деп пландап жатабыз. Жабыркагандардын көптөрү өздөрүнө батир сатып алышты”, – деди Боронов.

Эскерте кетсек, 16-январда саат 07.31де Боинг 747 жүк учагы Гонконгдон Стамбулга учуп бара жатып “Манас” аэропортунан май куюп алууну чечкен жана коюу тумандан улам Дача-Суу айылына кулаган. Анын кесепетинен бир нече адам каза болуп, ондогон адамдар жабыр тарткан.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу