Авиация тармагындагы бизнести «менчигине басып» алган Бакыт Сыдыковго чара көрүлбөйбү?

Азыркы тапта Жогорку Кеңеште «Республика – Ата Журт» фракциясынын атынандепутат болуп отурган Бактыбек Сыдыков аттуу эрен бар. Көп деле сүйлөбөйт, балык депутаттардын катарын толуктап турат. Эмнеле аны көп сүйлөбөйт десе, ал тээ илгери эле кызматтык абалынан пайдаланып, киреше алып келе турган ири бизнестерди жасап алып, азыр ошолорду иштетип, көзөмөлгө алып коюп жашап келет экен да.

Тактап айтсак, Б. Сыдыков «Манас эл аралык аэропорту» ААКсы менен өзүнүн ишмердүүлүгү тыгыз байланышта болгон бир нече чарбалык субьектилердин ээси. Анын ичинде «АККА» аттуу ЖЧКсы да бар. Ал компаниясы «Манас» аэропортуна келген бардык жеке самолетторду хендлинг кызматы менен толук камсыздайт. Андан тышкраы «Ош Катеринг» ЖЧКсы жүргүнчүлөр үчүн борттогу тамак-ашын камсыздайт. «Интек» ЖЧКсы Ош шаарынын аэропортунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп, күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздайт.

Б. Сыдыков 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Манас эл аралык аэропорту» ААКсынын президенти болуп турган. Ошол убакта ал «Манас эл аралык аэропортунун» директорлор кеңешинин төрагасы Р. Жамгырчиев менен сүйлөшүп алып, эл аралык кылмыштуу топтун кызыкчылыгында «MGN Croupтун» башкы директору, АКШнын жараны Е. Гуревич менен тымызын сүйлөшүү аркылуу «Манас эл аралык аэропортунун» кызыкчылыгына каршы «Аалам сервис» ЖЧКсынын заправка комплексин «Манас Аэрофьюэлс» ЖАКсына 250 876 000 сомго сатуу боюнча келишим түзгөн.

Белгилей кете турган жагдай, 2006-жылы «Манас эл аралык аэропорту» ААКсы «Аалам Сервис» ЖЧКсынын заправка станцияларын ижарага берүүдлөн 180 млн сом өлчөмүндө пайда тапкан. Демек, ал заправка станциялары өтө арзан баада пулданган болуп атабы?
2010-жылдын май айында транспорт прокуратурасы тарабынан Б. Сыдыковго кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) боюнча сыртынан айып тагылган. Кийин ал эптеп жолун табуу менен акталып алган.

2010-жылдын апрелине чейин Б. Сыдыков авиация тармагында жогорку кирешелүү бизнестерди көзөмөлдөгөн жеке компанияларды түзүп алган. «HS&BA» жана «Red Carpet room» компаниялары аркылуу «Манас» аэропортунда жүргүнчүлөрдү камсыздоо боюнча кызматтарды монополдоштуруп алган.

Ушундайча оңой жол менен ири суммада акча табууга көнгөн Б. Сыдыков кумар оюндарын да көп ойной турганы белгилүү. Ал өзүнүн мындай кумарпоздугун билдирбеш үчүн коңшулаш Казакстандын Капчыгай шаарында жайгашкан кумар оюндарын өткөрүүчү жерлерге барат. Анан дагы АКШнын Лас-Вегасына барып, ал жактан 200 миң доллар уткуруп келгенин достору жакшы билишет.

Мына ушундай таржымалы бар депутат эл үчүн иштеши мүмкүнбү? Деги буга тиешелүү укук коргоо органдары көңүл бурат болду бекен?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу