АВГУСТ АЙЫНДА КАНДАЙ АБА ЫРАЙЫ КҮТҮЛӨТ БИЛИП АЛЫҢЫЗ

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, республикада август адаттагыдан ысык жана кургак болот.

Кыргызгидромет берген маалыматка таянсак,  жайдын акыркы айында абанын орточо температурасы нормадан 1-2 градуска жогору болот.

Чүй жана Талас облустарында термометр мамычасы 27….37 градуска көтөрүлөт.

Эң салкын Нарын облусунда аба 33 градуска чейин жогорулайт.

Эң жогорку температура айдын биринчи 10 күндүгүндө орун алмакчы. Анда Чүй өрөөнүндө абанын температурасы күндүзү 32-37 °C`ге чейин жетсе, түнкүсүн 15-20 °C жылуу болмокчу.

Ал эми айдын экинчи жана үчүнчү жарымында күндүзү 30-35 °C, түнкүсүн 11-16 °C болушу мүмкүн. Ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө күндүз 25-30 °C, түндө 12-17°C`ка жетиши күтүлсө, аталган аймактын чыгыш тарабында аба ырайынын температурасы күндүзү 27-32 °C, түнкүсүн 8-17 °C болору болжолдонууда.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу