«Түндүкэлектр» ишканасына тиешеси жок компания жер иштерин жүргүзүп жатып, кабелди үзүп алган
«Центральная-4» көмөк чордонундагы фидер авариялык түрдө өчкөндүктөн Жусуп Абдрахманов, Токтогул, Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрү менен Эркиндик проспектисинде электр энергия өчүрүлгөн. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
«Кардарлар башка электр булактарына кошулду», — деп айтылат маалыматта.
«Түндүкэлектр» ишканасына тиешеси жок компания жер иштерин жүргүзүп жатып, кабелди үзүп алгандыктан жарык өчүрүлгөн.
Булак: sputnik.kg