Аваз Акимов, ырчы: «Айдананын жакшы жар, мыкты келин болоруна ишенем…»

Жаш ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека экөөнү кыз-жигит деген эл арасында айтылган кептерди четке кагып, ага- карындаш катары гана мамилелери бар экенин айтып моюндабай келишкен. Алардын каткан сүйүүсү 5-октябрь күнү элге Аваздын инстаграм баракчасындагы Айданага болгон куттуктоосу аркылуу тарап, учурда интернет айдыңы «дуу» болуп жаткан кези. Ошентип кыргыз шоу-бизнеси дагы бир кош жылдыз түгөйлөр менен толукталганы турат.

— Аваз, бул убакка чейин Айдана экөөңөрдүн ортоңордогу мамилени жашырып келдиңер эле, ачыктаганыңарга караганда той жакындап калган окшойт э?

— Той качан болору тууралуу азырынча пландар жок. Жөн гана күйөрмандарыма сезимдерим менен бөлүшкүм келди. Айдана экөөбүз кеңешип, ортодогу сезимдерди ачыкка чыгарабыз дегенибиз менен анын туулган күнүндө ачыкка чыгарарымды билген эмес.

-Негизи экөөңөрдүн кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүңөргө канча убакыт болду? 

— Башында интервьюларда айтып жүргөндөй, Айдана экөөбүз ага-карындаш катары эле мамиледе болчубуз. Бирок жылдызыбыз абдан келишчү. Экөөбүз бири- бирибизге сырларыбызды да айтышып турчубуз. Ошентип олтуруп жакшы мамилебиз сүйүүгө айланып кетти. Ага карата сүйүү сезимим кайсы убакта жанганын өзүм да байкабай калыптырмын (күлүп).

— Айдана экөөңөрдү сахна тааныштырдыбы?

-Айдананын бир тууган байкеси, бир кезде элге ырчы катары таанылып калган Канат Деркембаев досум болот. Андыктан Айдана сахнага чыга электе эле сыртынан көрүп жүрчүмүн. Кийин экөөбүз социалдык тармактар аркылуу достошуп калдык. Ошол учур 2014-жыл болчу, жеке концертимди бермекмин. Концертте бир кыз менен дуэт ырдоону каалап, бирок ким менен ырдаарымды билбей жүргөм. Анан Айданадан «ырдайсыңбы?» -деп сурасам, ырдоого каалоосу бар экенин айтты. Ошентип экөөбүз «Аппагым» деген ырды жаздырдык. Ырды эл жакшы кабыл алды, Айдана да ошондон кийин ырчы катары сахнага чыгып кетти.

— Демек, анын ырчы болушуна сен себепкер экенсиң да?

— Айдана ага чейин ырдап, бийлеп жүргөн, чоц сахнага чыгуу да пландарында бар болчу. Экөөбүздүн дуэтибиз себепчи болуп калды. Мен деле Айдана менен болбосо, башка ырчы кыздар менен деле дуэт ырдамакмын. Кудайдын буйругу экен, экөөбүзгө туура келип калды. Ошондон кийин досторум экөөбүздүн  башка да дуэттерди жаздырышыбызды сунуш  кылышкан. Бирок мен көп маани берген жокмун. Экөөбүздүн тандемибиз ошол “Аппагым” менен бүттү, анткен менен эми сүйүү тандемибиз башталды  (күлүп).

— Көпчүлүк жигиттер жубайынын ырчы болушун каалашпайт го, сенде да мурда ошондой ой бар беле?

— Мен үчүн башкысы жакшы кыз болушу керек болчу. Ал ырчыбы, башка жумуштун ээсиби, ал адам жүрөгүмө жагып турса эч нерсеге карабайм. Айдананын чыгармачылыгына колдоо гана көрсөтүүгө даярмын.

-Үйлөнсөңөр  чыгармачылыкта чогуу иштешебиз деп жатасыңарбы?

— Буга чейин чыгармачылыкта ар кимибиз өз жолубуз менен келатканбыз. Анткени бул жагынан экөөбүздүн көз карашыбыз эки башка. Ыр, стиль тандоо жагынан да табиттерибиз эки бөлөк. Андыктан Айдананын чыгармачылыгына көп аралаша бергим келбейт. Үйлөнсөк деле ушундай эле болот го.

— Силердин ортоңордогу мамилеге Айдананын байкеси, досуң Канаттын көз карашы кандай болду?

— Канат башында билбей эле жүрдү. Билгенде деле эч кандай каршылыгын билдирген жок. Экөөбүздүн достук мамилебиз мурун кандай болсо, азыр деле ошондой. Айдана экөөбүздүн мамилебизге байкесинин эле эмес, апасынын да көз карашы жакшы. Мени эмнегедир жакшы көрөт. Бизди колдоп, жакшы гана сөздөрүн айтып турат. Кубанып калам.

— Экөөңөрдүн  жаңылыгыңарды күйөрмандарыңар, коомчулук кандай кабыл алды деп ойлойсуң?

— Көпчүлүк абдан жакшы сөздөрүн айтып, баталарын беришти. Азыркыга чейин ой- пикир жазгандар арбын. Албетте, жагымсыз ой-пикир жазгандар да жок эмес. Ичи тарлар сүйлөй берет. Бирөөнүн кайгысынан, жамандыгынан гана ырахат алышат. Андайлардын өздөрүнүн деле иштери жүрүшпөйт. Айдананы мага туура келбейт дегендерге өзүңөргө туура келген жар таба бергиле демекчимин.

— Сага сүйүктүүңдүн кайсы сапаттары жагат? 

— Мага кылган, менин жакындарыма кылган мамилесине жүрөгүм жылыйт. Экөөбүздүн мамилебиз өөрчүй электе гастролдоп жүрүп биздин үйгө барганбыз. Ошондо ата-энем аны менен бир эле жолу сүйлөшүп жактырышкан. Ыраматылык чоң атам да «жаркылдаган кыз экен» -деп Айдананы жакшы көрчү. Улуу кишилер адамды жакшы билишет да. Буюрса, жакшы келин болоруна ишенем.

— Бир учурларда ырчы жигиттер күйөрмандарын жоготуп алуудан кооптонушуп аялдарын жашырып калышчу эле. Сен да бул тууралуу ойлондуңбу? 

— Жок, менде таптакыр мындай ой болгон жок. Ачыкка чыккандан кийин тескерисинче күйөрмандарым көбөйгөндөй сезилип атат. Баракчама жакшы каалоо-тилектер менен каттар абдан көп келип атат. Айдана экөөбүздүн күйөрмандарыбыз да арбын экен.

-Эми качан шакек салганыңа күбө болобуз?

— Ал тууралуу азырынча пландар боло элек. Биз эми гана бири- бирибизге ишенип, кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык да. Негизи баары менден башталган: сүйүү сезими, сунуш айтуу. Андыктан шакекти деле каалаган күнүм салып коюшум мүмкүн. Жашым деле 28ге келип калды.

— Чыгармачыл адамдар  сүйүүгө кабылса шедеврлер жаралчу эле, сага да эргүү келип аткандыр?

— Ооба, эргүү келип жакшы обондор чыгып атат. Буюрса, шаңдуу, жүрөктү толкуткан ырлар жаралат. Азыркы учурда концерт, тойлордон кол бошобой ыр жаздырууга жетишпей атам. Эми баарын бүтүрүп алсам, жаңы жылдан кийинки тыныгууда жаңы ырлар, клиптер чыгып калат.

— Болочок колуктуңду туулган күнүндө кандай сюрприз менен кубанттың? “Жакындарым жана Аваз темир тулпар белек кылды” -деп айтканын угуп калдым.

— Айданага ата-энеси өзү кыялданып келген BMV үлгүсүндөгү авто унааны белек кылышты. Мен унааны тандашканга гана жардам бердим.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу