Аваз Акимов сахнага чыгып Айдана Декага сүйүүсүн билдирди…

Кыргызстандын шоу-бизнесине аралашып, өзүнүн атын таанытып алган Айдана Дека аттуу ырчы, бийчи кыз кечээ 16-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда алгачкы концертин берди.

Айдананын чыгармачылык тушоо кесүү концертине анын сахналаш достору, “Эл эмне дейт?”долбоорунун жигиттери Актан Рыскелдиев, Радик Эшимов, Мыктыбек Муканов, Чыңгыз Султановдор келишип, концерттик маанайды ачышты.

Эскерте кетсек, КР Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын тээ 90-жылдары хитке айланган “Кыздын сыры” аттуу ырын жаш ырчы Айдана Дека аткарып, азыр да бул ыр кайрадан хитке айланган. Аваз Акимов менен биргеликте чыгарган “Жаным” чыгармасы да учурда жаштардын сүйүктүү ырларынын бири.

Айдананын ар бир ырын коштоп кымча бел кыздар чимирилип бийлегени да кызыктуу болду.

Концертте Аваз Акимовдун апасы да келип ,ырчы Айданага гүл бергени залда отургандарды толкундатты. Себеби, Аваз менен Айдана кыз жигит болуп, сүйүшкөн жаштардын бири десек болот. Болочок кайненесинен гүл алган Айдананы залдагылар кызуу куттукташты.

Ал эми концерттин дагы бир кызыгы Аваз Акимов сахнага чыгып “Айдана сени сүйөм” дегени болду. Ырчы Аваз кучак толо гүлү куттуктады да экөө биргеликте “Жаным” чыгармасын аткарышты.

Аваз Акимов сахнага чыкканда:

«Айдана сүйгөнүм үчүн кол чабуулар болсун!», «Сахнанын артынан көпчүлүгү «Айданын колун сурайсыңбы?» деп сурашты. Бирок андай сюрприз болбойт. Уюштуруп койсом болмок экен. Сахнага чыгып алып, ыңгайсыз болуп жатам», «Концерт аябай жагып жатат», «Айдана эмес, мен толкунданып, калтырап жатам» деп билдирди.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу