Аваз Акимов,ырчы: «Мени басынткандарды кечире албайм»

Калың журтка «Айганыш» ыры менен таанылган Аваздын «Ай-ай» аттуу ыры жакында гана эл аралык Канн кинофестивалында жаңырды. «Бир кезде азыркы эле тамада, алпаруучулар бизди тоготушчу эмес» деген Аваз элге айтылбай келген сырлары менен бөлүштү.

«МУРУН БИЗДИ ТОГОТУШЧУ ЭМЕС»
Аваз жөнөкөй болгону менен, ардантып койгон адамдарды эч качан унутпайт да, кечирбейт. «Кээде кепке түшүнбөгөн айрым күйөрмандарга катуу айтканга аргасызмын» дейт Аваз.

– 4-5-класстарымда Сыймык атамдын (ред.: Бейшекеев) жардамы менен сахнага чыкканымды баары билсе керек. Өткөөл куракта үнүм бузулуп, гастролдон чарчаган жаныма үнүм да шылтоо болдубу, «мен эми ырдабайм, ырчылыкты таштадым» деп чечкем. Бирок кайра үнүм калыбына келгенде М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырдым.

Элге таанылганга чейинки бир кызык окуяны айтып берейин. Султан байкелер (ред.: Садыралиев) популярдуу болуп жаткан кез, менин «Айганыш» деген ырым жаңы чыккан. Анда азыркы эле тамадалар, алпаруучулар тоготпогондой мамиле кылышчу. Бир жолу Нурлан экөөбүз концертке бардык. Сыймык атам «сени коштуруп койдум, ырдайсың» деген болчу. Толкунданып эрте эле кычырап кийинип жетип баргам. «Мен ырдайм» деп тайпалаштарымды да чакырып албаймынбы. Сахнанын артында кезек күтүп, улам «качан ырдайм?» деп алпаруучуга барсам «азыр» деп коёт. Ошентип отуруп концерт бүтүп калды. Мени экинчи планга койгондоруна аябай ардандым. Эч кимге көрүнбөй экөөбүз чыгып «Ала-Тоо» аянтына келдик. «Кийин, буюрса, биз деле популярдуу болобуз. Ошондо көрөбүз» деп кыялданып кеткенбиз. Жашоо бумеранг деген чын экен, жакында мен ырдабай калган концерттин уюштуруучулары кайрылышпадыбы. Шарт да туура келбей калды, алардын суранычын аткара алган жокмун. Мен баарына чыдашым мүмкүн, бирок мени басынткандарды жактырбайм. Бир көңүлүм калса такыр жибий албайм.

«КӨҢҮЛЧӨӨКТҮГҮМДӨН КЭЭДЕ ЧАРЧАП КЕТЕМ»

Көңүлчөөк, жөнөкөйлүк жакшы сапат болгону менен, кээде азабын да көрүп каларын айтат ырчы мырза. Анткени аша чаап жибергендер болот экен.

– Ырчы боло электе кыздар менен көп сүйлөшчүмүн. Оюн-күлкүнү, клубдарга барып эс алганды жактырат элем. Атым чыгып калгандан тартып өзүмдү-өзүм көзөмөлдөп калдым. Күнүмдүк жашоом, айлана-чөйрөм баары өзгөрдү. Эң негизгиси, жөнөкөйлүк сапатымды сактай алдым. Көңүлчөөкмүн, ошол сапатымдан кээде чарчап кетем. Айрымдар бул баарына көнө берет дегендей мамиле кылышат. Аларга да өзүнө жараша мамиле кылганды үйрөндүм. Кээде күйөрман кыздарга жакшы сүйлөп койсом жакын көрүп алышат да, кайра-кайра чалып, «аны куттуктап коюңузчу, муну кылып коюңузчу» дей беришет. Ошондо жиним келип катуу айтып салам.

Азыр Кудайга шүгүр, атым таанылып, сахнадан ордумду таптым. Бизге чейин канча ырчылар бар болчу, биздин арабызда да болгон. Үй-бүлө күтүп же башка себептен өзүн таштап койду дегиче эл аларды унутуп койду. Андыктан талыкпай эмгектене бериш керек.

Бир нече ай мурун мага «Мосфильм» киностудиясынан чалышып, «сиздин ырыңызды жактырып жатабыз» деп уруксат алышкан. Майдын аягында 71-жолку өткөрүлгөн Канн кинофестивалында ошол «Айка» кинотасмасында роль жараткан казак актрисасы Самал Еслямова «Күмүш пальма бутагы» категориясында «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыгын алды. Ошондой беделдүү кинофестивалдын сыйлык тапшыруу аземинде менин «Ай-ай» ырым жаңырды. Бул мен үчүн чоң сыймык жана стимул болду.

«КҮЙӨРМАН КЫЗДАРДЫ ЫЙЛАТКАН КҮНДӨР БОЛДУ»
Ырчы мырза менен Айдана Деканы чогуу көп көрөбүз. «Ага-карындашпыз» деп айтып келген алардын ортосунда эл билбеген кандай сыр бар?

– Мен үлгү алчу адам – бул атам. Үй иштерин өзү жасап, 9-классты бүткөндөн кийин эле баарыбызды өз алдынчалыкка көндүрдү. Эл көрсүн, жер көрсүн деп эркин койчу. Атамдын бир гана талабы – эч кимибизге апама каяша айттырган жок. Бирөөбүз каяша айттык дегиче катуу жаза тартчубуз. Жашырганда эмне, мен деле бир кезде «жылдыз оорусуна» кабылгам. Күйөрмандарыма «мага чалба» деп катуу айтып, ыйлатып койгон күндөр болгон. Алар апама чейин чалып «Авазды жакшы көрөм» деп айтышчу экен. Атам ошондо да «кыздарга катуу сүйлөбө, өспүрүм кыздар ызасынан жаман иш кылып алса сен жоопкер болуп каласың. Андан көрө такыр сүйлөшпөй кой» деп урушчу.

Көптөн бери Айдана Дека экөөбүздү кыз-жигит деп айтып келишет. Ошонун таасириненби, чет жактарга да экөөбүздү чогуу чакырышат. Алар да бизди бирге көргүсү келет окшойт да (күлүп). Чынында ар кимдин өзүнүн жеке жашоосу бар. Айрымдар ачык айтышса, мен сыр кылып турууну туура көрдүм. Мындай кеп-сөздөр кийин менин, өзгөчө Айдананын келечегине терс таасирин тийгизишин каалабайм.

«КИЛТЕЙГЕН ЖИГИТТЕР НУРЛАНДЫ ТЕГЕРЕКТЕП КАЛЫШЫПТЫР»

Аваз дос дегенде ичкен ашын таштап, эч нерседен коркпой каларын айтат. Нурлан экөө бири-бирине болушуп көп жолу мушташканын эстеп өттү.

– Кыргызстандын кайсы жерине барбайын дасторкон жайып тосуп алган досторум көп. Бир жолу Нарынга гастролго барсак айылдын балдары ызы-чуу салышты. Килтейген жигиттер Нурланды ортого салып, «бизге салык төлө» деп тырыштырып жатышыптыр. Андай нерсени жөн карап тура албайм да, «эмне болду?» деп жетип бардым. Бат эле эки жаат болуп тапырашып мушташа кеттик. Милиция кызматкерлерин чакырып жатып ажыратып калышты. Мен досторум кыйынчылыкка туш болгондо эч нерседен кайра тартпайм.

«Атам апама жолугуш үчүн 23 чакырымдай жөө басып кошуна айылга барчу экен».

«Атам бизди эркин койчу. Ошондуктан мен да эрте гастролго чыгып баштагам».

«Ай-ай» аттуу ырым казак актрисасы Самал Еслямова сыйлык алганы сахнага чыкканда жаңырды».

«Негедир Айдана экөөбүздү чет өлкөгө чогуу көп чакырышат».

БУЛАК: СУПЕР инфо

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу