Абылгазиев: Сулайман-Тоо комплексин ишкерлер менен чогуу иштетүү керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын экономикасында туризм келечектүү тармагы болуп саналарын өкмөтүн кезектеги жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы учурда туризмден түшкөн киреше ички дүң продукциянын 5% түзөрүн, ага салыштырмалуу айыл чарбасы 13-14% жетерин белгиледи. Ал туризмден каражатты көбүрөөк табуу үчүн туристтер кызыга турган жайларды, тарыхый-маданий комплекстерди жеке ишкерлер менен чогуу иштетүүнү сунуш кылды.

— Биз жеке менчик түрүнө карабастан, туризм объекттерине өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. «Таш-Рабат», «Сулайман-Тоо», «Санташ», «Жыргалаң», «Ысык-Ата» сыяктуу маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу комплекстерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында өнүктүрүү зарыл деп эсептейм. Биз бул объекттер мамлекеттин кызыкчылыгында натыйжалуу иштешин каалайбыз. Бизнести туризм тармагын өнүктүрүүгө тартуу кажет,-деди Абылгазиев.

Премьер-министр туризм тармагындагы кирешени арттыруу үчүн бул жаатта атайын мамлекеттик ишкана түзүү пландалып жатканын кошумчалады.

Кеңешмеде маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөттүн “2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” программасы боюнча баяндама жасады. Мунун алкагында министр туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7% кем эмес деңгээлге жеткирүү, атамекендик туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле туристтик ишмердүүлүктүн ар кыл түрлөрүн өнүктүрүүгө көңүл буруу иштери аткарыларын кошумчалады.

Сулайман-Тоо археологиялык музей-комплекси Ош шаарынын тарыхый бөлүгүнүн борборунда жайгашкан. 2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу