Өкмөт: тогуз чиновник сөгүш алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир нече борбордук жана жергиилктүү атка минерлерге сөгүш жарыялады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмоттүн маалымат кызматы бидирди.

Өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткарбагандыгы үчун төмөндөгү чиновниктер сөгүш алды: 

– Экономика министри Олег Панкратов;

– Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;

– Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбек; 

– Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев;

– Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов;

– Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова;

– Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев;

– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исакова;

– Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуев;

– Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.

Ушул эле күнү өкмөт башчынын буйругу менен үч облустагы алты райондун акими жана бир райондогу акимдин биринчи орун басары иштен алынганы кабарланды.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу