Абылгазиевди Минск шаарына коштоп барчулардын тизмеси

27-ноябрь күнү Белоруссиянын борбор калаасында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн кезектеги өкмөттөр аралык жыйыны болот. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  дүйшөмбү күнү Минск шаарында өтчү Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө  өлкөлөрдүн кезектеги өкмөттөр жыйынына катышуу үчүн учуп кетет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан делегациясынын курамы:

— Мухаммедкалый Абылгазиев — премьер-министр;

— Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр;

— Акылбек Жапаров —Жогорку Кеңеш депутаты;

— Алмазбек Эргешов — Жогорку Кеңеш депутаты;

— Кубанычбек Өмүралиев — КРдин Белоруссиядагы элчиси;

— Олег Панкратов — экономика министри;

— Нурбек Мурашев — айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

— Теңизбек Абжапаров — Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

— Алмаз Сазбаков — кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБдеги өкүлү;

— Алмаз Азимов — финансы министринин орун бастры.

Жыйындын күн тартибинде соода-сатык, энергетика, экономика, каржы саясаты жана агро өндүрүш боюнча кызматташуулар боюнча маселелер каралат.Ошондой эле ЕАЭБдин алкагында газ рыногун түзүү боюнча талкуу болору кошумчаланды.

Жыйын Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин төрагалыгынын алдында өтөт.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу