Абитуриенттердин кулагына күмүш сырга! Анжелика окуганга шарты жок, билимге суусаган абитуриентти Кытайга бекер билим алууга жиберет!

Бул сынакка катышуунун шарттарын Анжелика айым мындайча түшүндүрдү:

— «Silk Road» академиясы тарабынан жакшы окуган абитуриентти Кытайга бекер окууга жөнөтөбүз. Стипендия катары ай сайын 100 доллар берилчү окуу курсуна аталган академия мага бир кишилик орун берди. Ал эми мен бул орунду аз камсыз болгон, турмуш-шартына байланыштуу чет өлкөгө окууга бара албай жаткан, билимге суусап турган абитуриентке бергим келет.  Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган инсандар булар — билимдүү жаштар. Ошондуктан, дагы бир билимдүүнүн өлкөгө өз пайдасын тийгизип, ийгиликтүү иш баштаарына себепкер болгум келет. Сынактын шарты жөпжөнөкөй. Катышуучулардан жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт жана кытай тилин билүү шарт эмес. Сөзсүз түрдө ата-энесинин макулдугу керек. Ошондой эле, үй-бүлөсү, турмуш-шарты тууралуу маалымат бериши керек. Кененирээк 0702 71 71 78, 0708 40 27 67 номуру аркылуу байланышып, билсеңиздер болот. Андыктан, чамдаңыздар!

БУЛАК: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу