Абжапаров менен Ирсалиевдин жоруктары таң калтырууда

Коомчулукта кадр тармагынын ашмалтайы чыгып, мамлекеттик органдарда иш жүрбөй катып калганы көп сөз болуп жатат. Өзгөчө мамлекеттин казынасын толтурчу каржы булактарын жетектеген кадрлардын алсыздыгы, мамлекеттин эмес, жеке керт баштарынын кызыкчылыгын ойлогон өзүмчүлдүгүнүн кесепетинен өлкө экономикасы оор абалга кептелди.

Мына өкмөт башчысы Абулгазиев өзүнүн эки көздөй адамын, Теңизбек Абжапаровду Салык кызматынын жетекчилигине, Медер Ирсалиевди Социалдык фонддун башына койду. Экөө тең Абулгазиев өзү Социалдык фондду башкарып турганда орун басарлыкты аркалап келишкен. Эми бул экөөнүн жоруктары өзүнчө эле жомок.

Теңизбек мырза эч кимди укпай, Абулгазиевдин тапшырмасы менен Салык кызматын чалмакей чалууда. Тазалоо деген шылтоо менен жалаң өз кишилерин кызматка коюп, иштин көзүн билген кадрларды жазалоо менен алек. Ал эми Медер мырза болсо жинди сууга жакын тура, эки-үч күн кубалап кетет экен. Мына абал ушундай.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу