Абдымалик Мырзаев КГБнын полковниги: Мелис Аспеков менен согушка барса болот, ал сатып кетпейт.

 – Абдымалик мырза, айтсаңыз, шайлоонун алдында сизди дагы Мелис Аспеков менен чогуу бийликти күч менен басып алуу аракетинде камакка алган эле. Чыныгы ошол күндөр кандай болгон? – Өткөн жылдын 9-октябрь күнү Мелис Аспеков камакка алынып, ал эми мага эртеси колума кишен салышты. Мелис камакка алынар менен, интернет жана коомдук каналдан байма-бай бир жума биздин телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүбүздү кыскартып, монтаж кылып, ошол кездеги Атамбаевдин бийлиги оздоруно ыңгайлуу кылып, аудиотасмаларды таратышты. Жасалма материалдарды көрүп уккандан кийин, жеке мен шайлоонун шайтан оюндары башталганын дароо сездим. Себеби биздин сүйлөшкөндөрүбүздүн мазмуну такыр башка болчү. Жалпысынан ошол сүйлөшүүлөрдүн узундугу бир саатка жакын, ал эми коомчулукка болгону 6 мүнөттүк эле жасалган тасманы көрсөтүштү. Дал ушундай жоопту ошол монтаждалган тасмадагы чогуу чыккан адамдардын бири Мурат Жетимишбаев агабыз дагы ММК өкүлдөрүнө берген бир маегинде айтып чыккан. Биз кече төрөлгөн балдар эмеспиз, телефон аркылуу бийликти күч менен басып алганды сүйлөшкөндөй. Бул ойлоп тапкан кылмыш иши боюнча мен бир топ чындыкты айтмакмын, бирок купуялуулук коюлгандан кийин айта албаймын. Айтсам кайрадан камакка алынышым мүмкүн. – Эмнеге сиз азыр эркиндикте жүрөсүз, Аспеков болсо жарым жылдан бери СИЗО-1де камалып жатат?  – Мен жана бул сыйкырдуу ишке байланыштуу  адамдар эркиндикте болгонубузга Мелистин салымы чоң. Эгерде Аспеков кандайдыр бир материалдык, же болбосо жалгыз керт башын ойлосо, тергөө менен биргеликте келишим түзүп, бизге каршы көрсөтмө бергенде, биз баарыбыз камакка алынмакпыз. Бирок Мелис жаштардын арасында такшалган саясатчы, келечекти ойлогон бала, ошондуктан андай ыплас жолго түшкөн жок. Башында бизге өтө оор 295, 233 беренелери коюлган (бул беренелер менен 20 жылга чейин адам эркинен ажыратылат), учурда бул беренелер тастыкталбай, мага карата кылмыш иши эки айдан соң кыскартылган. Мелиске болсо эптеп 233-беренесинин 3-чү бөлүгүн илишип, ишин сотко өткөрүп жиберишти. Күнөөсүз камакка түшкөн адамга өтө оор болот, ошондо Мелистин сөзү эсимде. “Байке, соттосо мени соттосун, бирок мен эч кимге каршы көрсөтмө бербейм” -деп айтканы жана айткан сөзүнө толугу менен турганына, мен Мелиске чоң ыраазычылык билдиремин. Кыргызда сөз бар: “Жакшылык жерде калбайт. Ак ийилет, бирок сынбайт”-деген. Бул күндөр өтөт, кетет, чындык ачыкка чыгат. Келечек жаштардын колунда, Мелис эркиндикке чыккандан кийин мага келип кызматташалы деп сунуштаса, мен ойлонбой туруп макул болмокмун. Мелис менен согушка барса болот, ал сатып кетпейт. Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу