Абдыкеримов арамзаланып жатабы?

«Кыргызстан» партиясынын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн
Канатбек Исаевдин шайлоого барбай турганы байкалып калды. Ал учурда 2-3 белдүү
делген саясатчынын башын кошуп, Темир Сариевди колдойлу деген аракет менен күн
кечирүүдө. Ал эми аталган партиянын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов болсо
таасирин Исаевге тарттырып жиберип, ошол бойдон чээнге киргендей тынчыды.
Айрымдар «Исаев алдап кетти» деген түр көрсөтүп, шайлоодо Жээнбековду колдобош
үчүн Шаки атайын ушундай амал колдонуп кууланып жатат дешүүдө. Минтип
арамзаланам деп жатып башына балээ үйүп албас бекен?..

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу