Абдыкаров ар-намысын 1 миллионго баалады

Далай чырдуу иштерде аты аталып жүргөн Данияр Абдыкаров эч далилсиз, жалган маалымат берди деп биздин гезитти сотко бериптир. Кыргызда жакшы сөз бар “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген. Ошол сыңары биз дагы ал маалыматты жен жерден жарыялабадык. Коомчулукта кайсы генерал, ИИМ орун басары Көлбаевге барды болду экен деп жатышкан. Биз дагы иликтеп, жиликтеп көрсөк, азыркы ошол кездеги орун басарлардан Сүйүн Өмүрзаков, Курсан Асанов, Алмаз Орозалиев, Данияр Абдыкаровдордун кимиси барганы бизге да башында табышмак болду. Ошол учурда социалдык түйүндөрдө “Кыргыз кримдүйнөсүнүн аталыгынын Чолпон-Атадагы резиденциясына ИИМдин бир орун басар генералы барып, шалбырап кечирим сурап алдынан өтүп келиптир. Уят да эй. Жумуштан кеткени калса, жигитче эле кетпейби” деген учкай маалымат чыгып кетти.

Буга чейин Абдыкаров жетекчиликтин уруксаты жок, мыйзамсыз чек арадан чыкканы белгилүү болуп, иштен алынды. Ал боюнча бизге ИИМ офицерлеринен кат түшкөн. Анда “Мыйзам боюнча министрдин орун басары эмгек өргүүсүндө чет өлкөгө чыгыш үчүн жетекчиликтен уруксат алып чыгуусу керек. Ал эми бул ойрон чет өлкөгө чыгуусун министр Кашкар Жунушалиевге кабардар кылбай, өзүм билемдик менен чыгып кеткени кандай? Ички иштер министринин орун басары катары анда “купуя сырды” алып жүрүү боюнча жоопкерчиликтүү милдет бар. Ошондо “самопал генерал” атыккан эргул чет өлкөгө өлкөбүздүн сырын ачканы кеттиби?

Министрдин орун басары катары ал ИИМ системасындагы “купуя сыр” боюнча комиссиянын төрагасы экени белгилүү. Мындай кызматтык ыйгарым укугуна таянып, өз кезегинде ушул эле Абдыкаровго окшоп чет өлкөгө уруксаты жок чыгып келген милициядагы ондогон кызматкерлерди кызматтарынан алганынан милициядагы ар бир кызматкер кабардар. Аргасыз ой кетет, ошолорго иштеген мыйзам Данияр Абдыкаровдун өзүнө иштебейби?” – деп жазылган.

Андан сырткары “Фейсбук” социалдык түйүнүндө “Өтө баалуу тартуу алып барышкан экен, кара баштарына тынчтык сатып алышты көрүнөт. Аталыкта деле эсеп-кысап бар да, тартууга жараша ырайым бычкандыр… Же баягы “Билайндын” 250 миллионундай кылып толук кускула дедиби???” десе, дагы бири “Билайнды тоногондо 9 млн. доллар алып чыгып кеткен. Ушундай ууру, рэкет милийсалар министр, министрдин орун басарына чейин барышат. Ошол “Билайндан” тоногон акчанын көбүн кийин кайра эле криматалык тартып алган. Ууруну каракчы тонойт болуп” деген талкуулар орун алган. Биз дагы ал маалыматтарды, андан тышкары өздүк булактардын маалыматтарын анализдеп, “Абдыкаров Көлбаевге тизе бүктүбү” деген темада маалымат жазган элек. Ал маалымат чыгаары менен Абдыкаров бардык маалымат булактарына “Мен Көлбаев менен жолуккан эмесмин, интернет сайттардагы жана “Фабула” гезитиндеги маалымат курулай каралоо, мен өз укугумду укук талаасында коргойм” – деп маалымат берди. Абдыкаровдун маалыматынан кийин социалдык түйүндөрдө “Эртең атайын кызматтар фото фактыларды койсо кечеге кантип басат болду экен? Дегеле, мамлекет качан мындан тыңпоочу аппараттарды алып, эркелеткенди токтотот?!” деген сыяктуу маалыматтар тарады. Чындыгында ал жолугушууну сүрөткө тартып алышкан экен. Ошол сүрөт колубузга тиери менен коомчулукка жарыя кылабыз. Ал эми анын жазган арызына келеек, биздин жазгандарыбыз курулай калп болсо, чындыгын айтып маегин бербейби? ММКнын мыйзамына ылайык, экинчи тараптын пикирин берүүгө биз милдеттүүбүз. Бул биринчиси. Экинчиси мени ит атарга теңептир дептир. Ал жердеги текстти кунт коюп окусаңыз, “Камчыбек Жолдошбаев айтмакчы “ит атар” Данияр Абдыкаров экен” деп турат. Депутат Жолдошбаевдин антип айтканы коомчулукка кеңири тараган. Ал сөзгө териксе, Жолдошбаевди сотко берсин. Анан бизге дооматын артсын. Үчүнчүсү, “4-августта камчысын мойнуна илип Камчынын астынан өткөнүнө караганда, катуу “косяк” кылса керек” дегенибизге, “Мен 4-августта эч ким менен жолуккан эмесмин, кримтөбөл Көлбаевге жолуккан эмесмин, анын астынан өткөн эмесмин жана өтпөйм” – дептир. Жолуккан-жолукпаганын убакыт керсетет. Төртүнчүсү, “Анан ушундай жосунсуз кылыгы менен УКМКга кирет элем деп чуркап жүргөнүнө баш чайкабастан башка аргаң калбайт” дегенибизге, “Эч качан кызмат издеп УКМКкага кирем деп чуркаган эмесмин. Менин кылыктарымды далилдеп берсин” – дептир. Сиздин ИИМ системасындагы “купуя сыр” боюнча комиссиянын төрагасы болуп туруп чек арадан мыйзамсыз чыгып кеткендигиңиз, андан башка алдыда буга чейин ИИМ тармагында эмгектенип, кайсы каражатыңызга 39 коттедждүү “Акмарал” пансионатына ээ болгондугуңуз, жакында эле алган генералдык наамыңыз, 2010-жылдагы Апрель окуясында Таластагы элге карата ок атууңуз, ошол элге ок чыгарып “Эрдик” медалына ээ болгондугуңуз тууралуу иликтөөбүздү баштадык. Бешинчиси, 11-сентябрдагы санында коллаж боюнча “Гезит жасалма сүрөткө менин башымды коюп жарыялап жиберди” – дейт. Сүрөттүн жасалма экени сокурга эле көрүнбөй калбаса, баарына эле көрүнүп турат.

Андан тышкары моралдык чыгым катары 1 миллион сом сурапсыз. Ошондо ар-намысыңыз ашык-кеми жок 1 миллион сом турабы? Минтип өз ар-намысыңызды 1 миллионго бычып жатканыңыз кандай? Демек 1 миллион сому барлар сизди шылдыңдап, мазактап, келекелеп туруп, “1 миллион сомду алгын” деп алдыңызга ыргытып баса берсе, аңкайып, акча алганыңызга кубанып кала берет экенсиз да?.. Деги ар-намыс дегенди кандай түшүнөсүз?..

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу