Абдыкалык Рустамовдун бети «бетон» экен…

Канча жылдан бери майталканга маарып, элдин жек көрүндүсүнө айланган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов деген шүдүңгүт Ысык-Көлдөгү «Кызыл-Омпол» уран кенин иштетүүгө байланышкан маселе козголору менен «Күн чекит» программасына «Уран кенин казууга каршы чыккандарга түшүнбөйм» деген темадагы маегин берип, кен иштеткендерди жерге-сууга тийгизбей мактап, экологиялык коопсуздук сакталганын, жергиликтүү элге зыяны тийбей тургандыгын айтып оозун куу чөп менен аарчыган. Тактап айтканда Рустамов: «Биз атайын мониторинг жасадык. Мындан улам, мен аймакта радиация күчтүү дегенге кошула албайм. Кен жайгашкан аймакта болгону 7-8 чабандын үйү бар экен. Ал эми Балыкчыдан 30 чакырым узак. А Кочкорго чейин андан да узак. Экинчиден, аяктан уранды чайкап туруп эле, Кара-Балтага алып кетишет.

Анан да, Кызыл-Омпол аймагынын айлана-чөйрөсүн жаңы технологиялар менен коргоп (рекультивация жасап) беребиз деп жатышат, Бардыгы бүткөндөн кийин тыкыр текшерүүдөн өтөт. Кийин ал жерге кайра чөп өссө, мал жайсак жаманбы? Азыр барып көрсөңөр, чөбү саргайып кеткен, уранды алып кетип, дарылагандан кийин айлана кадимкидей тазара түшөт. Кара-Балтада Советтер Союзунан бери эле иштеп келе жаткан тоо-кен комбинаты бар. Кенди сактай турган жери талапка толук жооп берет. Жаман бир нерсе болуп кетет дегенге мен такыр кошула албайм. Элге мыйзам чегинде каражат төлөп жатышса, бардыгы талапка жооп берип жатса, карап көрүп ГКПМ чечип бериши керек да. Токтобошу керек. Себеби, аталган жактан уранды алып кетүү отуз жылдык долбоорду түзөт. Бардыгы талапка ылайык иш алып барышат. Радиацияны эч ким көрбөйт, же кармап жыттай албайсың. Болгону, каражаттын жардамы менен иш жүргүзүлөт» деген оозу мурду-кыйшайбай туруп.

Элдин пикири менен Жогорку Кеңештеги айтылган сөздөрдөн кийин аласын «булгап» алган окшойт, кечээ «Ыңгайсыз суроолордон» 180% башкача сүйлөп: «Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол кенинде уран казуу иштери жүргүзүлбөйт. Өкмөт ишти убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мен биротоло токтош керек деп айтып жатам. Компания жабдыктарынын баарын алып кетип атат. Бүгүн да өзүмдүн орун басарыма «мындан ары булар иштебейт» деп ачык айтып коюшун тапшырдым. Себеби, коомдук угуудан баарыбир өтпөйт экен» деди. Мындай так позициясы жок кемпайды жоопкерчилиги жогору болгон жерге койбош керек. Бул шумпай эл билбеген дагы далай иштерди былгытып жатпаганына ким кепилдик бере алат?!

Булак: «Де-Факто»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу