Абдыкалыктын алкымы аңыраят да

2010-жылдагы Апрель окуясында шейит кеткен балдардын аркасы менен үлкөн
кызматтарды баса жыгылып, анан эл үчүн жанын кыйган жигиттердин арбагын
сыйлабастан, элдин кусуру урат дегенди ойлобостон, жеке өзүнүн гана кызыкчылыгы
менен байлык жыйнаганга киришкен аткаминерлер бар экени ачыкка чыгууда.
Алардын бири Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы
мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов экени премьер-министр
өткөргөн жыйында ачыкка чыкты. Анда белгилүү болгондой акыркы эки жылдын ичинде
Абдыкалык башкарган агенттикте коррупциялык факты катталып, өлкөнүн бюджети 150 миллион сом зыян тартыптыр. Өздүк булактар менен иликтөө жүргүзүп, бул сумма коррупциялык айзбергдин көзгө
көрүнгөн эле бети экенин, ачыкка чыкпай жатканы мындан алда-канча көп экенин
эшиттик. Аларды чукубаган күндө деле 150 миллион сомдун өзү не деген каражат. Азыр
чет өлкөлүк жарандан 1 миллион доллар алды деген шек менен бакандай саясатчылар
камалып, азап тартышууда. Ал эми Абдыкалыктын алкымына 2 миллион доллардан ашык
каражат куюлуп, мамлекеттик казынадан көз көрүнө уурдалып жатканына унчукпай
отурганыбыз кандай? Мындай кишинин жетекчи болуп иштегенге акысы барбы?
Экинчиден, Рустамов деген эргул оптимизация деген шылтоо менен кызматкерлерди бүт
жумуштан айдап, алакан «майламай» менен кайра дайындап жатканы жалганбы?
Жакында эле Жалал-Абаддагы кесипкөй адистердин бир нечесин кетириптир, бул эмне
деген жорук? Айтор, алкымы чоң Абдыкалык деген эргул агенттикте өз билгенин кылып,
өтүгүн төргө илип калыптыр. Эгер премьер-министр эл үчүн иштерин далилдеп,
коррупцияга каршы турарын тастыктап, элдин ишенимин алгысы келсе, убакытты
уттурбай Рустамовдон башташы керек. Бюджеттен 150
миллион уурдалганы боюнча факты турганы жалганбы? Демек Сооронбай
Шариповичтен чечкиндүү кадамды күтөбүз. Ал эми Абдыкалык мырза: «айтканыңар
туура эмес, мен периштедей тазамын» – десе, аны да угуп көрөлү…

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу