Абдыжапар Бекматов, БШКнын төрагасынын орун басары: “Туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы менен шайлоо системасы жакшырат”

 

—         13-августта өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында   шайлоо системасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да талкууланды. Дал ушул программанын негизинде бул системаны жакшыртса болобу?
—         Бизге шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоорун талкуулоо кайсы багытта иштөө керектигин так көрсөттү — мыйзамдык жана техникалык. Убакыт жана жооптуу органдар боюнча да бизге тапшырма коюлду. Биз парламент менен биргеликте коюлган тапшырмалардын аткарылышына түрткү боло турган мыйзам долбоорлорун даярдайбыз.
—         Эки жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Ага чейин кандай жумуштарды пландап жатасыздар?
—         Алдыда дагы көптөгөн жумуштар бар. Мисалга, биометрикалык маалыматтарды чогултууну улантуу. Республиканын бардык жарандары биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан жок – бул факты. Ошондой эле жергиликтүү депутаттар, мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн шайлоо боюнча мыйзамдар каралат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу