Абдумажит Юсуров, Жогорку Кеңештеги «Ɵнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат: «Алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбеков фаворит болот»

Парламенттеги «Ɵнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Абдумажит Юсуров 2017-жылдын 15-октябрында ɵтүүчү президенттик шайлоого байланыштуу ɵз ою менен бɵлүшүп, кайсы талапкердин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору экендиги боюнча кɵз карашын билдирди.

— Абдумажит Лелезович, кандай ойлойсуз, бүгүнкү күндɵ алдыдагы президенттик шайлоонун анык фаворити ким болуп жатат?

— Анык фаворит ɵкмɵт башчысы Сооронбай Жээнбеков болот, анткени аны эл колдоп жатат, эл арасында ал тууралуу жаман пикирлер жок. Ал ɵзүнүн сапаттары менен алдыдагы шайлоодо жалгыз күчтүү талапкер болууда.

Белгилей кетейин, ал элдин сынынан ѳткѳн чыныгы практик жетекчи. Мыкты чарбачыл адам. Жетекчи катары аябай жоопкерчиликтүү адам экенин кɵрсɵтɵ алды.

Ал ɵкмɵт башчысы болуп иштеп турганда чечкен айрым маселелерге токтолуп кетейин. Түштүк аймактагы чек ара маселелерин активдүүлүк менен чечүүгɵ жетишти, ал тараптан бул маселеде туура тактика тандалып алынды. Мындан сырткары ал социалдык багыттагы саясатты жүргүзүүдɵ. Эң башкысы, бир да коррупциялык иштерде анын аты-жɵнү аталбайт. Ал коррупцияга аралашкан эмес. Талапкерлердин ичинен жалгыз аты булганбаган адам.

— КСДПнын Сооронбай Жээнбековду бирдиктүү талапкер катары кɵрсɵткɵнүнɵ кандай карайсыз?

— КСДПнын Сооронбай Жээнбековду тандоосун эң туура кɵрɵм. Себеби анын артыкчылык берген оң сапаттары кɵп. Ал такыр популист эмес. Саясаттагы жана аткаруу бийлигинде тажрыйбасы аябай чоң. Мамлекеттик башкаруу кызматтарынын бардык тепкичтерин басып ɵткɵн, бардык кɵйгɵйлɵрдү жакындан, ичтен билет.

— Сиздин оюңузча, шайлоо бир тур менен бүтɵбү? Же экинчи тур болушу ыктымалбы?

— Экинчи турдун болуусун жокко чыгарууга болбойт, анткени талапкерлер кɵп, анын үстүнɵ саясий конфигурацияны ɵзгɵртүүгɵ алып келчү саясий процесстер болуп жатат.

Бирок азырынча экинчи тур жɵнүндɵ сɵз кылуу эртелик кылат. Биринчи тур менен эле шайлоо бүтүшү да мүмкүн. Жогоруда айткандай, талапкерлер кɵп, балким, бир талапкердин пайдасы үчүн кɵп талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса керек.

— Кээ бир партиялар башка талапкерлердин пайдасы үчүн ɵздɵрүнүн талапкерин жарыштан алып салышы мүмкүнбү?

— Айрым партиялар ɵз талапкерин КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн алып салуусун күтсɵк болот. Азыр конфигурациялар ɵзгɵрүлүп, биригүүлɵр жүрүп жатат. Ошондуктан башка талапкердин пайдасына деп айрым талапкерлердин шайлоодон четтешин жокко чыгарууга болбойт.

Айрым талапкерлердин Сооронбай Жээнбековду колдоого алышарынан шегим жок. Азырынча бул тууралуу айтууга эрте, бирок бул күтүлчү нерсе. Саясий процесстер уланып жаткандыктан баары болушу мүмкүн. Кээ бир талапкерлер ɵздɵрүнүн дареметтерин ɵлчɵп кɵрүшкɵн соң КСДПнын лидерин колдоого алышып, талапкерликтерин алып салышат го. Бул менимче, мыйзам ченемдүү саясий процесстер.

— Эл Сооронбай Жээнбековду колдойбу?

— Ооба, эл аны аябай колдоп жатат. Анын себеби Жээнбеков социалдык багыттагы саясатты жүргүзүүдɵ. Экинчиден, эл арасында ага карата кээ бир талапкерлерге болгондой терс мамиле жок. Бул аны алдыдагы шайлоодо талашсыз фаворитке айландырууда.

— Кандай дейсиз, шайлоо тынч ɵтɵбү?

— Ооба. Бул жаңы технологиялар жана биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен ɵтүп жаткан алгачкы президенттик шайлоо. Бул шайлоо жыйынтыгын бурмалоого жол бербейт. Ошондуктан шайлоо тынч ɵтүшү керек.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу