Абдраим: Жаш келинге азгырылып, үй-бүлөмө картайганда кайттым…

«Ооматты көтөрө албай көптүм”

— Жубайым Акинай экөөбүз мектеп курактан сүйлөшүп жүрүп, мен 21 жашымда, ал 18 жашында баш кошконбуз. Чогуу жашап 5 баланы таптык. Акинай балдарды катар-катар төрөп эле үйдө болду. Үйдүн табышкери мен элем. Элибиздин жашоо шарты начарлап баары борборго оокат кылуунун айласын издеп агылып жаткан убак. Кесибим архитектор болгондуктан төрт өнөктөш болуп курулуш компаниясын ачтык. Көп жыл иштин көзүн билбей жүрүп, акыры салган үйлөрүбүздөн пайда көбүрөөк түшө баштады. Ошондо өнөктөштөрүмдөн бөлүнүп жеке өзүмдүн курулуш компаниямды ачтым. Кол алдымда 20 чакты киши иштейт, андан сырткары куруучулар бар. 43 жаш эркектин бышып, турмуш кыйынчылыгын бир чейрек көрүп койгон курагы эмеспи. Мага ушул куракта оомат келиптир. Бизнесим кадимкидей өнүгүп, жыргал жашоону баштан кечирип жаттым. Күндө достор менен жолугуп сыра ичебиз, бильярдга, баняга, саунага барабыз. Жашырганда эмне, кээде бир түндүк кыздарга деле барып койчубуз. Азгырыкка алдырып аларга эрк берип койбосом, үй-бүлөмө, аялыма туруктуу элем. Азгырыктын баары аялым өпкөсүнө суук тийгизип ооруп калып, бир айдан ашык үйдө жатканда башталды. Дарыланып бүткөндөн кийин деле бир топко чейин үйдөн чыкпай, эч нерсеге көңүлү келбей жүрдү.

Бир күнү: “Абыке, батирлердин акчаларын өзүң чогултуп келчи, менин сыртка чыкканга көңүлүм чаппай турат”, — деп калды. Ашыкча акчаларыбызга шаардын ар кайсы жеринен бир нече батир алып, аларды ижарага берип койгон элек. Акинайдын суранычынан кийин унаам менен батирлерди кыдырып жүрүп 10-кичирайондогу эки бөлмөлүү батирге бардым. Эшиктин коңгуроосун бассам эч ким ачпады. Бир нече жолу баскандан кийин кетүүгө камынып жатсам үйдүн ичинен “ким бул?” деген кичинекей баланын уйкусураган үнү угулду.

— Үйдө чоңдордон бирөө жарым барбы? — дедим баланын суроосуна кайра суроо узатып.

— Апам жок эле, мен жалгызмын… эшикти эч кимге ачпа деген… Бала экөөбүз ушинтип сүйлөшүп турсак тепкичтен тыкылдаган үн угулуп, жаш келин мен турган эшикке жакындап келди. 30дардагы келиндин көздөрү кумарлуу, келбети келишкен, чыпташкан кызыл көйнөгү менен шиш такалуу туфлиси өзүнө куп жарашыптыр. Себинген атыры да сонун буркурайт, анын жытына мас боло бир саамга келинди койнума кысып, алкымынан өпкүлөп жатканымды элестетип алдым. Эркек эмеспизби, табиятыбыздан утканды жакшы көрөбүз. Анын сыңары мен да бул айымды өзүмө кызыктырууга аракет кылып көрөйүн дедим. Ошентип назданган келин менен таанышып калдым. Аты Назгүл экен. Турмушу келишпей бир жыл мурун күйөөсү менен ажырашып кетиптир, менден 15 жаш кичүү. 4 жаштагы баласы менен биздин үйүбүздө жашап жатканына 2 ай болуптур.

 “Жаш келинге азгырылдым”

Күндөр өтүп жатты, Акинтайым айыгып батирдин акчасын өзү чогултуп калды. Менин акыл-эсимден Назгүлдүн назданган элеси, буркураган атырынын жыты кетпей туруп алды. Ар кайсы шылтоону таап батирге дагы барыш керек болду. Бир күнү барсам Назгүл эшикти өзү ачты. Аябай капалуу. Жумушунан кыскартууга туш келип иши жок калганын айтты.

Ошондо ойлонбой туруп:

— Биздин компанияда офис-менеджерибиз жумуштан кетем деп жаткан…. эгер кааласаң бизге келип көр, айлыгы жакшы эле, — дей салдым.

— Ий, байке, офистин жумушун эптей аламбы, өмүр бою мугалим болсом…

— Назгуля, алтыным, сен жогорку билимдүүсүң, кантип секретаршанын жумушун кыла албайсың? -дедим. Назгүл макул болгондой түр көрсөттү.

Эртеси кеңсемде отурсам Назгүл кирип келди. Турмушка чыгам деп жүргөн офис-менеджерибиз 1-2 күн ага үйрөтчүсүн үйрөтүп, үчүнчү күндөн Назгүл ишке өзү киришти. Ал аябай тың кыз экен, кардарлардын суроолоруна телефондон жооп берет, мага кишилер кирсе кофе дайындайт. Мени бир көз караштан түшүнчү эле. Кээде досторум менен эс алабыз деп калганда кайсы мончо, сауна бош алардан бери тактап, убактысын мага айтып койчу. Акыркы күндөрү үй-бүлөлүк маселелерин мага айтчу болду. Көрсө, мурунку жолдошу жарашам деп ажырашуу тууралуу арызын канааттандырбай жатыптыр, баласын талашып жатканын да айтып ыйлактап калды. Экөө акчанын айынан ажырашкан экен. Күйөөсү аялынын атынан насыяга акча алып, бизнес ачам деп кумар оюнуна уттуруп жиберет. Ошентип сырдашып жүрүп мамилебиз кантип жакындап кеткенин экөөбүз тең билбей калдык.

Назгүл экөөбүз көп учурда күндүзү ошол кездеги “Ысык-Көл” мейманканасынан жолукчубуз. Жолукканда жумуш тууралуу сүйлөшпөйбүз, бир гана сезимдерибиз, сүйүүбүз тууралуу кеп кылар элек. Ал мени сүйөрүн жана ошол эле учурда аялымды капа кылбастыгын айтып калчу. А менин ага болгон сүйүүм күндөн-күнгө күчөп, анын жумушка келишин күтүп, жарашам деп жүргөн жолдошунан кадимкидей кызганчу болдум. Балдарым, аялым көзүмө көрүнбөй калды. Арадан 3 жыл өттү, Назгүл мага аялымдан да жакын адам болуп калды.

Бир күнү Назгүл алдыма келип отуруп:

— Экөөбүз акмакпыз ээ, байке? Ысык мамилебизге 3 жыл болду. Кызык, аялыңыз бир да жолу шекшиген жокпу? — деди назданып.

— Ал мага ишенет, Назгүл.

Ооба, ошондо Акинтайым мага ишенип өзүн 100 пайыз балдардын тарбиясына арнап койгон экен. А мен эмне, эртең менен кетем, түн жарымда балдар уктаганда келем. Командировкага кеткенде деле аялым мага ашыкча ооз ачканын укпаптырмын. “Абыке, тамак бышты, балдар менен жебей сени күтүп турабыз” дегенинен жазбачу. Көрсө, ошол убакта менин көөп жүргөн убагым болуптур.

Назгүл экөөбүздүн мамилебизге 4 жыл болгондо ал мага боюнда бар экенин айтты.

— Байке, мени сүйсөңүз жубайыңыз менен ажырашып, мага үйлөнүңүз, болбосо жолдошум менен жарашайын, — деди маселени кабыргасынан коюп.

— Чырагым, күтө турчу, сен тууралуу үй-бүлөмө ачыгын айтуу бир күндүк иш эмес….

— Жок, күтпөйм! Курсактагы бала да өсөт, күтүп тура албайт!

Назгүл талапты катуу коюп жумуштан чыгып кетти. Албетте, Назгүлдү сүйчүмүн, болгондо да баш-отумду жоготуп сүйдүм. Анын ичиндеги баласына өзүмдү гана ыраа көрүп кызганганымчы. Көпкө койлондум. Акырында баарын аялыма айтканга туура келди.

Аялым угуп нес абалда “кантип, кайсы бетиң менен башымдан аттап, тузумду татып, суумду ичип жүрдүң?..” Айтор, мен угууга татыктуу болгон жаман сөздөрдүн баарын уктум. Бирок маанилүүсүн айтышым керек эле…

— Акинай, мен үйдөн кетем… колуңдан келсе кечир мени! Акылдан адашкан күйөөңдү…

— Абыке, эсиңе кел. Кайда? Каякка? Кантип? 5 балаң турат кичинекей… Жеңил ойлуулукка алдырба!

— Бул жеңил ойлуулук эмес, чечкиндүү кадам. Балдар эч нерседен кем болбой жашашат, акылдуу жансың… мыкты тарбия берип жатасың.

Аялыма айтчумду айттым да үйдөн чыгып кеттим. Балдарыма менин жаш келинди ээрчип кеткенимди кийин айтыптыр.

Бир жолу Акинай кеңсеме келип Назгүл менен мушташып кетиптир. Мен жок болчумун, ызасын, ичиндеги бугун чыгаргысы келген аялымды жакшы түшүндүм.

Бир айдан кийин көздөрү шишиген, жүдөгөн Акинай Назгүл экөөбүз жашаган үйгө келди:

— Абыке, мени кандай күнгө салдың? Ызама муунуп калдым… Менин башымды аттасаң да кантип томсоргон беш балаңдын тагдырын кыйып жатасың? Суранам, балдарың бир аз чоңойгончо жанында бол…Экинчи никеңе каршы эмесмин. Каалаганда барып келип тур, бирок бизден колуңду үзбө, — деп ыйлады. Акинайдын абалын көрүп өзүмдү ушунчалык жек көрдүм. Аялыма балдарга күндө барып турарымды айтып узаттым. Бирок Назгүл так секирди. “Эгер аларга бара турган болсоң, мага келбе” деген талап койду.

Балдарыма баргым келгени менен Назгүлдү да кыя албай жүрүп арадан бир нече ай өтүп кетти. Назгүл кыз төрөдү. Ушул убакта курулуш компаниялар бирин-серин пайда болуп атаандаштык күчөй баштады. Жаңы объект салабыз деп алган жер тилкебиздин кызыл китеби жасалма чыгып, көп акчага күйүп кеттим. Жасалма документ жасап жерин бизге саткан адам чет өлкөгө качып кетиптир. Шаардагы алты батирди, анын ичинде Назгүл экөөбүз жашап жаткан батирди да саттым, бирок ал жетмек эмес. Компанияны болсо жоюп Назгүл экөөбүз эле калганбыз.

Сатарга эч нерсем калбай калганда Назгүлдүн акылы менен Акинайга барып: “Үйдү күрөөгө коюп кредит алып турайын, баштаган объектти бүтүрүп алып төлөп берем”, — дедим. Байкушум буркан-шаркан түшүп ыйлады, айтчу сөзүн айтты… Мен болсо унчукпай башымды жерге салып отуруп бердим. Бир топтон унчукпай ыйлап отуруп калды да, анан жашын аарчып макулдугун берди. Эмне кылсын, ал деле менин ишим жүрүшүп кетерине ишенди да. Тилекке каршы, ошону менен менин бизнестеги ийгиликтериме чекит коюлду. Объектти куруп жаткан курулушчулар айлыкты 2 айдан бери бере элексиңер деп жумуш таштап кетип калды. Ишим жүрүшпөгөнүн мен арактан чыгардым. Токтобой ичтим. Бир күнү таң атпай көзүмдү ачсам подъездде жатыптырмын. Эшикти такылдатттым.

Бир маалда чачтары үпсөйгөн Назгүл эшикти ачып:

– Кызыңдын бала бакчасына бергенге акча жок, сен ойлоносуңбу деги? -деп кекете баштады. Ошол убакта телефонум чырылдап улуу балам чалыптыр:

— Ата, банктан чалып жатышат, эртең төлөбөсөңөр үйдү алабыз дешти… Назгүл колумдан телефонду жулуп алып:

— Атаңар силердин үйүңөрдүн акчасын төлөмөк тургай кызынын курсагын тойгуза албай жатат. Тажадым, алып кеткиле аракеч атаңарды! — деп кыйкырып алды. Анын ачуу сөзүнө чыдабай жаакка бир чаптым.

Үй-бүлөмө картайганда кайттым…

— Акинтай менен балдарымды таштап кеткениме туура 20 жыл болуптур. Назгүлдөн төрөлгөн кызым эрте эле турмушка чыгып кеткен. Менин күнүм Назгүл менен өгөй балама калды. Турмушубуз эптемей. Өгөй балам ичип келгенде Назгүлдүн да алы жетпейт. Баш отумду жоготуп сүйүп алган жубайым тапканын өзүнө коротот. Иштейт, кийинет… Шаардын четинен эптеп 4 сотых жер тилке алып, ошого 2 бөлмөлүү үй тургузуп алганбыз. Акыркы күндөрү Назгүл үйгө да токтобой “шаарда жашайм, жумушка жакын” деп мага эс алуу күндөрү гана келчү болду. Аны түшүндүм, ал мени менен кошо карып кетпестин айласын издеп качты. А мен жылдар өткөн сайын тез-тез ооруп калып жаттым. Акинай үйдү банк алып коёрдо айласыз бир туугандарынан жардам сурап, алар эптеп үйдү алып калышыптыр. Ошондон кийин балдарымдын бетин карай алган жокмун, такыр байланышпадым.

Учурда 63 жаштамын. Бир жыл мурун кайра өзүмдүн үй-бүлөмө кайтып келдим. Кантейин, келгенге аргасыз болдум, өгөй балам күн көрсөтпөй койду. Бир жолу эс-учумду жоготуп ооруканага түшүптүрмүн. Назгүл мени аядыбы же оорукчан күйөөсүн карап жүргөндөн тажадыбы, айтор, “кор болбо, кантсе да өз балдарың, сенден баш тартпайт. Балдарыңдын бири чоң кызматта, экинчиси АКШда, үчүнчүсү бизнесмен экен, сени жөн эле батырып алышат” деп түйүнчөгүмдү түйүп жөнөттү. Акинай балпайган байбиче болуп келининин колунан ысык чай ичип, тапчанда көлөкөдө сый көрүп гана отурган кези экен. Аттиң, мен жокто балдарыңды кантип окутуп, кантип бутуна тургуздуң экен, Акинтайым! Эмне кылайын, ит экенимди эми билдим. Жүрөгүм ооруйт, өкүнөм… Эмнеге балдардын түйшүгүн чогуу тартпадык экен? Эмнеге мен туура эмес жолдо жүргөндө туура жолго салып койгон эч ким болбоду экен? Эми өкүнгөндөн пайда барбы? Балдарым ата дегени менен ортобузда бала менен атанын ортосундагы чыныгы жылуулук жок. Мени күтө берип үмүттөрү үзүлүп, көз жаштары соолуп калгандай. Акинай экөөбүздүн сүйлөшчү сөзүбүз деле жок. Кыскасы, мен өз канымдан жаралган балдарыма чоочунмун, өз колум менен салган чоң үйүмө батпай жатам…

Булак: “Леди кж”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу