Абдраимовдун «ачыла элек сандыгында» «пычыла» элек эмне балээ бар?

Экс — министр Туйгунаалы Абдраимов аз күн мурда кызын турмушка узатып, Оштон куда күттү. Той эки тараптын шааниси менен жогорку деңгээлде өттү. Биз да эки жашка бакыт каалайбыз!

Учурда эс алып аткан Туйгунаалы Абдраимовго Чүйдүн тыңчыкмалары келишип, саясатка активдүү түрдө аралашуусун суранып атышса, экинчи жагынан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары азгырышып, бирге болууну айтып атышыптыр.

«Жети өлчөп, бир кескен» Абдраимов азырынча эч кимисине убада бербей, ичине сыр катып турганы эмнени каңкуулайт?

Биздин баамыбызда, ал күздү күтүп атышы мүмкүн. Себеби, келечекте көпчүлүк катмардан, өзгөчө чүйлүктөрдөн колдоо табары шексиз. Артында эли бар, колдоочулары күчтүү адам оңой менең саясаттан кете койбосу да бештен белгилүү. А кокус каарманыбыз Атамбаев менен биригип кетсе, анда ары жагын кандай элестетесиңер?

Айрым маалыматтар боюнча, Абдраимов эски досу Атамбаевдин камалышына каршы чыгып келатканы эмнеден кабар берет?

Сыягы, бул жагынан алганда, «ачыла элек сандыкта» бир балээ болуп жүрбөсүн?…

Булак: АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу